Menu

Алмазбек Атамбаев байлыгын ачыктады

Бөлүшүү:

Кечээ, Президент Алмазбек Атамбаев баш прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алып, 2010-жылга чейинки кирешеси тууралуу сүйлөштү. Жолугушууда мамлекет башчы 2003-жылы январда Түркиянын Измир шаарындагы өнөр жай ишканасындагы өзүнө таандык акциялар пакетин түркиялык ишкерге 45 млрд. түрк лирасына же ал кездеги курс менен 35 млн долларга сатканын күбөлөгөн документтерди башкы прокурорго берди. Келишим тууралуу Түркиянын тийиштүү маалымат бюллетенинде 2003-жылы 31-январда жарыяланганын белгиледи.

Мунун менен ал өзүнө карата айтылып келген  “Атамбаевдердин үй-бүлөсүнүн акчасы 2010-жылдан кийин гана пайда болгон” деген кептерге чекит койгусу келгенин, ошону менен бирге эле Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү да өздөрүндө жана жакын туугандарында 2010-жылы 7-апрелден кийин пайда болгон көп миллиондуу кирешелери тууралуу маалыматтарды берүүгө тийиш экенин айтты. “Муну өлкө коомчулугу талап кылып жатат! Башкы прокуратура Жазык Кодексинин мыйзамсыз баюу тууралуу тийиштүү беренелерин эске алууга тийиш” ,- деп кошумчалады Атамбаев.

Бирок, башпрокурор Индира Жолдубаева Президенттен Измирдеги ишканасы кайсыл каражатка  курулганын сурап койгонго жарабады. Кептин тузу ошол жерден жатты эле да…

Булак: “Алиби”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: