Menu

Кара мышык. Эл өкүлүнүн ээн баштыгы эмнеге алып келет?

Бөлүшүү:

Кыргызда “бир карын майды бир кумалак чиритет” деген жакшы сөз бар. Анын сыңарындай, биздин бийлик төбөлдөрүбүздүн айрымдарынын алабарман жоруктары жумурай журтту башкалардын алдында уятка калтырып, мамлекеттин аброюна, ички-тышкы мамилелерине кедергисин тийгизип келет. Мына ошондой мисалдардын бири, Кыргызстандын башкаруучу партиясы болгон-КСДП партиясынын бакандай депутаты, президентибиздин көптөн берки талапташ-тарапташы, үзөңгүлөшү Ирина Карамушкинанын жакында жасаган жоруктары.

Мамдумадагы дат же КСДПнын “аялуу чекити”…

Ушул жылдын 25-мартында Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Орусия Мамдумасынын Федералдык жыйынынын КМШ иштери, евразиялык интеграция жана мекендештер менен байланыш комитети менен КРнын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети биргелешкен жыйын өткөргөн. Мына ошол жыйында социал-демократтардын өкүлү Ирина Карамушкина Кыргызстандагы ички маселелерди эл аралык аренага алып чыгып, бүтүндөй мамлекетти уят кылганын кесиптештери айтып, жерге түкүрүп келишти. Көрсө, КСДПнын “кыйыны” Кыргызстанда “расмий” делген статусу бар, коргоого муктаждыгы жок орус тилинин басмырланып жатканын айтып чыгыптыр. “Мен расмий тилди коргоп сүйлөгөндө, мисалы, парламенттин 5-чакырылышында мени “орус шовинисти”, “Кремлдин тыңчысы” жана башка атка кондурушкан. Ошондо бир дагы кесиптешим унчуккан эмес. Мен болсо “эки тилди бирдей өнүктүрүү абдан зарыл, 70 жылда тапканыбыздан алыстабашыбыз керек” деп айтып жүрөм. Диний экстремизм тууралуу сөз болгондо “Таблиги жамаат” диний уюму бардык жерде тыюу салынганы менен, бизде бар экенин айтып келем”,-деп муңканыптыр.

Ошону менен эле тим болбой, Кыргызстандагы дин тутуу эркиндигин сынга алып, “мага мусулман жамааттары кол топтоп, мандатымдан ажыратууга чейин барып жатышат” деп орус Мамдумасынын депутаттарына ыйламсыраган. Эл өкүлүнүн бул сөздөрүнө ошол жердеги кесиптештери дароо реакция кылып, “Атамекен” фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев менен “Республика-Атажурт” фракциясынын депутаты Максат Сабировдор мындай ички маселелерди сыртка алып чыгуунун кажети жоктугун, ал мамлекеттин ичинде каралып чечилчү маселе экенин айтып, депутаттын демин суутушуптур. Анткен менен, айтканынан кайтпай, кандаш туугандарынын катарында отурганына толкундап кеткенби, айтор, КСДПчы депутат тигил кесиптештеринин туура сынын туура эмес кабыл алып, фейсбуктагы баракчасына аларды “саясий интригандар” деп атайт. Бул албетте, “оосурган кыз оосурбаган кыздын бетин тырмайт” дегендей эле кеп да. Болбосо, өзү агарып-көгөрүп, өлкөнүн башкаруучу партиясында депутат болуп отурган Ирина Карамушкинанын эси болсо этекке чаптырбай эле, антип ар кимге өз өлкөсүн жамандап, ишти иритпей, мыйзам чегинде, адамгерчиликтүү аракеттерди жасаса болмок.

Бул боюнча ЖКнын Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитети Кыргызстанга кайтып келээри менен билдирүү жарыялады. Анда комитеттин көпчүлүк мүчөлөрү Ирина Карамушкинанын жогорудагы сөздөрүнө “орунсуз” жана “татыксыз” деген баа бергени айтылып, “Кыргызстандагы түрдүү саясий күчтөр өлкөдөн сыртка чыкканда эл биримдигин сакташы керек, өз элин жана өлкөсүн каралоого эч кимдин акысы жок. Социал-демократтар фракциясын Карамушкинанын иш-аракетине моралдык баа берет деп ишенебиз”, деп айтылган.

Бирок, кашайып, “эл бизге ишенет” деп төш койгулаган КСДП фракциясы комитеттин сунушун четке кагып, өз депутатынын бул эл аралык дипломатияга сыйбай турган чеки ишине моралдык да, укуктук да баа берилбей турганын билдирди. Тагыраагы, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов гезиттердин бирине берген маегинде, “Андай баа бергидей, Ирина Юрьевна кылмыш кылган жок, бирөөнү урган жок. Ал болгону бир аз туура эмес сүйлөп алган. Ал бүгүн парламенттен кечирим сурады, болду, жетет да. Тема жабылды, ар бир сөзгө баа берип отурмак белек…” деп жооп берген.

Демек, бакыйган КСДП фракциясынын лидеринин логикасына таяна турган болсок, Ирина Карамушкина орус тили, ислам дини, кыргызстандыктардын башка улуттагыларга жасаган мамилеси боюнча эркин жаран катары ар кандай ачуу сындарды, чагым салган билдирүү, чакырыктарды айта берсе боло берет экен да?! Же бул фракциянын Орусиядан ушунчалык коркоорунан кабар береби?

Антели десек, фракция лидерин мындай кой, ушул үлкөн партиянын  түптөөчүсү, лидери, жалпы кыргызстандыктардын Иса Өмүркулов айтмакчы “журт атасы”  президент Алмазбек Атамбаев деле бу Ирина Карамушкина деген депутаттан сестенип тургандай көрүндү. Тактап айтканда, 3-апрелде мамрезиденциядагы өлкөнү өнүктүрүү стратегиясын караган чоң жыйындын ачылышында Алмазбек Шаршенович “Для меня это важное заседание, вы поймете почему?  Во время моей речи. Все будет происходить в основном на официальном русском языке. Депутаты, которые сидят здесь, пусть не думают, что я испугался Карамушкину. Перевод синхронный идет. Я тоже был переводчиком… еще переведут как с “гнилым политиком”… Чтобы не было искажений, буду говорить на русском”, деп сөзүн баштады. Ошондо өлкө башчынын оюн уласак, кылымдарды карыткан, кадимки океандай “Манасты” жараткан кыргыз тили бурмалоого эң ылайыктуу, маанилүү жыйындардын “маңкасын чыгарган” тил болуп калабы? Же бул дагы “орус тили үчүн өлбөгөн жерде калышам” деген КСДПчы Карамушкинанын бийликке болгон таасиринен кабар береби?

Украин-кыргыз мамилесине суу сепкендер

Макаланын баш каарманы депутат Ирина Карамушкинанын жакында эле жасаган дагы бир жоругу-анын фракциялаш депутат Марат Иманкуловду коштоп алып, Украинадан Орусия аннекциялап алган Крым жарым аралына жасаган сапарын айтсак болот. Муну дагы ал өзү адатынча айгай салып, Фейсбуктагы баракчасына Крымдагы Ялта конференциясына арналган эстеликтин алдына түшкөн сүрөтүн жарыялап, алдына “Если бы Ялтинская конференция 1945 г. прошла в начале войны, и эти лидеры сразу сели за стол переоворов в Ливадии, то не было бы столько миллионов жертв фашизма! Надо вовремя останавливать войну! Мир может сохранить только дружба и любовь, и никогда не удержит мир — война и кровь. Кыргызские депутаты побывали в Крыму. Так что Крым — и наш!))»))”,-деп жазып жиберип жатпайбы.

Мына ошондон тарта кыргызстандыктар депутаттын бул айтканын орунсуз деп сынга алып, анын эл аралык коомчулук Украинанын бир бөлүгү катары санаган Крым жарым аралын “биздики” дегени украин-кыргыз достук мамилесине доо кетирээрин айтып чыгышты. Мисалы, укук коргоочу, депутат, мурдагы элчи Турсунбай Бакир уулу Ирина Карамушкинанын бул кылганын “чыккынчылык катары бааласа болоорун белгилеп, Крым боюнча КРнын ТИМи расмий позициясын билдиргенин, анда Крымды Кыргызстан азырынча эгемендүү, Орусияга баш ийген мамлекет эмес, Украинанын бир бөлүгү деп таанырын айтканын, демек,  депутат, болгондо да эл аралык комитеттин мүчөсү катары мындай калпыстыкка жол берилбеши керектигин билдирди.

Баарынан кызыгы “Кыргызские депутаты побывали в Крыму. Так что Крым — и наш!”, -дегени. Крымга бутубуз тийип калса эле ал кандайча биздики болуп калат? Азырынча, орустар бул жарым аралды “биздики” деп келишет го? Анда кандайча биздики дагы болуп калат? Же Ирина Карамушкинанын логикасы боюнча, ЕАЭБге кирүү менен Кыргызстан Орусиянын конфедерациясына айланып калганбы? Балким, анын максаты, ой-тилеги ошондой болуп жүрбөсүн?!

Ооба, бул маселеге  Украинанын Кыргызстандагы элчилиги дароо каршы пикирин билдирип,  эки кыргыз депутаты эл аралык укук-ченемдерден тыш сапар жасашканын, алар Кыргызстандын украиналык боюнча позициясынан аша чаап кеткенин, Крымга кирип-чугууда алар Украина аркылуу эрежелерге баш ийиши керектигин айтып, КР ТИМине нааразычылык нотасын жөнөткөн. Ооба, учурда кыргыз-украин мамлекеттеринин ортосундагы соода-экономикалык байланыш оозго алаарлык уланып келе жаткан. Алсак, Кыргызстанга кондитердик азыктар менен дары-дармектердин басымдуу бөлүгү Украинадан келет. Демек, эки “эрке” депутаттын ойлонулбаган иш сапарынын аркасында экономикалык катнаштарга доо кетсе, анын ордун толтуруу оңойго турбасы айдан ачык.

Бул маселеге жооп кылган КСДПнын эки депутаты тең ал жеке сапар болгонун, эч кандай расмий жолугушуу, Крымдын бийлик башчылары менен пикир алышуу болбогонун жарыша сөз кылышкан. Ирина Карамушкина болсо иш сапарды кесиптеши Марат Аманкулов каржылаганын, жеке сапар болгондуктан парламенттин эл аралык комитетинин уруксатысыз эле жөнөп беришкенин айтып чыкканы бар.

Бирок, КСДП фракциясынын бул эки бакыйган депутатынын билдирүүлөрү калп болуп чыкты. Алар айтып оозун жыйганча эле Орусия аннекциялап алган Крым Республикасынын мамлекеттик Советинин маалымат кызматы вице-спикер Ремзи Ильясов баштаган депутаттар улуттук жана Европалык парламенттердин депутаттарын, чет өлкөлүк саясатчылар менен саясат  таануучуларды расмий кабыл алып, жыйын курганын өз сайтына жазып чыкты. Мына ошол жерде расмий түрдө баягы биздин эки СДПКчы депутаттын аттары аталып, бакыйган сүрөттөрү бажырайып жүрсө болобу! Мына сага! “Калптын казаны кайнабайт” деген ушул да.  Крымдыктар атайы эле кыргыз депутаттарынын жалганчылыгын бетин ачууга аракет кылгансып, аталган жолугушууга катышкандар Крымдын Орусиянын курамында экендигин тастыктаган укуктук статусун эл аралык коомчулук расмий таанышы керектигин, Крым өз алдынча өнүгүп, сырткы байланыштарын чыңдап, кубаттуу мамлекет катары жашашына шарт түзүлүшүн жактаганы ошол сайтта жазылып турат. Демек, эки депутаттын “эч кандай расмий жолугушуу болгон жок, биз базарларды араладык, көчө бойлодук” деген сөздөрү толугу менен калпка чыгып калды, иттики.

Ошентип, учурда бийликтин бийик сересинде отурган КСДП фракциясы бүтүндөй мамлекеттин тышкы байланыштарына кедергисин тийгизе турган кадамдарга барганы ашкереленип отурат. Бирок, буларга боло берет окшойт. Бул иш сапар мамлекеттер аралык деңгээлде сындалып жатканы менен парламент, башкаруучу коалиция, КСДП фракциясы эч кандай чара колдонбой, кол куушуруп, жер тиктөөдө. Бул парламентте кош стандарттуулук өкүм сүрүп турганын билдирет. Болбосо, өткөн жылы Тайванга соода-сатык иштери менен бара калган ЖКнын “Кыргызстан” фракциясынын депутаты так ушундай жоругу үчүн, Нурбек Алимбеков вице-спикерликтен шыпырылган эле.

Кыстырма: бул биринчи “кокустук” эмес…

Баса, бул депутат Ирина Карамушкинанын кыргыз элине, улутуна кылган “жакшылыктарынын” алгачкысы эмес. Эсиңерде болсо, илгери ал КСДПдан депутат болуп, оппозициялык маанайда жүргөн маалда эле парламентте Кыргызстандын Гимни ойнолуп жатканда ордунан турбай коюп, ал кездеги президент Курманбек Бакиевден кагуу жегени бар. Гимн ойнолуп жатканда ордунан туруп, колун көкүрөккө койбогону, Кыргызстанды  урматтабагандыкты, сүйбөгөнү, элди сыйлабагандыкты билдирет.

Андан кийин ал кыргыз армиясында орус тили колдонбогонун сындап, “ракеталык-зениттик аскер бөлүктө жоокерлер бир ооз орус тилин билбейт экен” деп чыкканы бар. Болбосо, генерал Исмаил Исаков кыргыздын патриоту катары кыргыз армиясын толугу менен кыргыз тилине өткөрүп, улуттук намысты ойготкон үлгүлүү иш жасаганын ал кызылдай эле көрө албай, “бет тырмаарлык” кылганын кантип унуталы?

Бул да кечиримдүү болсун. Кийинчерээк, 2011-жылы кыргыз парламентинин депутаттары Финляндияга иш сапарда болуп, ал жактагы кесиптештерине кыргыз калпагын сый катары тартуулашат. Ошондо сөзгө кыпчыла калган Ирина Карамушкина “муну мончого кийсеңер эң жакшы буюм” деп балп эткенин анын сапарлаштары азыр да бетине коюп бере алышат. Эгер, бул айым чындап эле кыргызстандыктарды сыйласа, улутту урматтаса ошол жерде “бул кыргызстардын эң сыйлуу, өзгөчөлөнгөн улуттук баш кийими. Муну сыйга гана кийип, бийик жерге коюу керек” деп койсо, ошол жерде тургандар аны аны жолугушуудан кууп чыкпайт эле го. Бүгүн болсо, кайра-кайра оозунан жаңылууну адат кылган Ирина айымды фракциядан айдап чыгып, “мына эми каалагандай сүйлөп жүрө бер” деп айтуунун учуру келди окшойт. Албетте, КСДП элди, шайлоочуларды сыйласа…

Булак: “Алиби”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: