Menu

Жанар Акаевге кантип тузак тартылууда?

Бөлүшүү:

Жакында эле КСДПнын “кыйындары”  “өз боорунан жаралган баласын” же КСДП партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп келген Жанар Акаевди фракциянын катарынан чыгарып, ал мүчө болгон парламенттеги убактылуу комиссиялардан четтетип тынышкан. Буга албетте, акыркы учурларда Жанар Акаевдин өлкөдөгө жүрүп жаткан саясий абалга сын көз карашын билдирип, ММКларга болгон кысым, оппозициялык депутаттарды  мыйзамсыз камоо, мамлекеттик ММКлардан кетип жаткан бир беткей каралоолор жөнөндөгө ой-пикирлери негиз болгон. Ошондон улам, бул жигитти КСДПчылар “өзөктөн чыккан өрт” катары баалашып, андан бойлорун жаа бою ала кача башташкан.

Ага чейин эле Алмазбек Атамбаев анын “балакай” атап, “ал унутуп калган окшойт, шайлоодо кимдин акчасы менен депутат болуп келгенин…” деп кээкерлей үн каткан.Өлкө башчысынын мына ошол сөзү кошоматка кой сойгондорго “муну жоготкула” деген буйрук катары угулуп, депутатты кысымга алуу, ыңгайы келсе аны мандатынан ажыратуу аракеттери башталган. Коомчулук болсо буга олутту реакция жасап, акыркы убактарда жаш депутатка деп берип, ага “мандатыңды тапшырба, биз сени менен” деген колдоо көрсөтүп жаткан. КРнын “Депутаттын статусу тууралуу” мыйзамына ылайык шайланган депутаттын мандатын тартып алууга жол берилбейт. Аны бир ок же бир сот гана тартып алышы мүмкүн.  Ушундан улам “бийлик нойондору” Жанар Акаевге трибуна бербестин ыплас жолун иштеп чыккандай. Болгондо да, уккан адам ишенбей, чалкасынан түшө тургандай, өтө кир  схеманы ойлоп таап отурушат.

Кызыгы, буга чейин Өмүрбек Текебаевге каршы эл аралык шылуун Маевский деген “кулак кесердин” көрсөтмөсүнө таянып, ага кошуп мурда соттолгон Раушан Рыкунова деген аялды күбөгө тартып, УКМК аны камакка алганы бар. Ошондой эле, көп жылдан бери адам уурдоо, өлтүрүү, курал сактоо жана башка  кылмыш беренелери менен оор жазага кириптер болуп, абакта отурган аферист Абдулла Юсуповдун көрсөтмөсү менен “Атамекен” партиясынын мүчөлөрүнө кылмыш иши козголуп, алды камалып келген эле. Буга  Жанар Акаев чындап таң калып, ЖКнын бийик трибунасынан “Эл ишене турган күбөлөр жокпу?!” деп баш прокурор менен УКМК  төрагасына суроо салганы бар. Эми  буга бийлик “мына сага” дегендей жооп кылып, Жанардын өзүнө бир канча беренелер менен кылмыш иши козголуп, соттолуу алдында турган Канжар Кадыралиевдин оозу менен көнөө тагып, кылмыш ишин ачууга камданып турган чагы.

Тагыраагы, бир катар ишкерлерге  зордук көргөзүп, акча талап кылып, үй-мүлктөрүн, кыймылсыз мүлктөрүн тартып алгандыгы тууралуу арыздардан кийин КСДПнын 5-чакырылышын депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууган агасы, Ош шаардык прокуратурасынын кызматкери Канжар Кадыралиевге 2014-жылы кылмыш иши козголот. Бул боюнча арыздангандардын арыз-арманын уккан “Азаттык” үналгысынын журналисти Жанар Акаев журналисттик иликтөө жасап, Канжар Кадыралиевден жабыр тарткандар тууралуу “Караларды ким тыят?”- деген телекөрсөтүүнү эфирге чыгарган. Ошондон соң прокуратура анын кылмышка тиешеси бары-жоктугун тыкыр иликтөөнү күчөтүп, бирок  К.Кадыралиев дээрлик жарым жылга чукул тергөөчүлөргө келбей, ага издөө жарыяланат. Ал арада анын операция болгону да маалымдалып, бирок күндөрдүн биринде ал өз эрки менен прокуратуранын босогосун аттайт.  Сот болсо Канжарды СИЗО-1ге кармоо чечимин чыгарып, бирок  2016-жылдын январында үй камагына чыгарат.  Ошону менен анын үстүнөн козголгон кылмыш иши эмнегедир көпкө тергелип, анан сотко өтүп, алигиче соттук териштирүү аягына чыкпай, “Чубактын кунундай чубалжып” келет.

Мына ошол созулган сот жараяндарынын биринде, тактап айтканда, 2017-жылдын 30-мартындагы отурумда соттолуучу Канжар Кадыралиев өзүнүн үстүнөн козголгон кылмыш ишине Жанар Акаевди күнөөлөп, өзүнүн ак экендигин, ага каршы көрсөтмө бергендердин артында Жанар тургандыгын, Жанар алардан пара алып, Канжарга иш козготуп, ошондой эле Канжар тараптан да чоң суммадагы пара талап кылганын,  журналист кийин Президенттин маалымат катчысы жана депутат катары сотторго басым жасап, ишти Канжардын пайдасына чечүү үчүн сураган паранын жарымын алганын айтып чыкты. “Жанар Акаев акча иштетиш үчүн менин үстүмөн кара пиарларды жүргүзө баштаган. Соттун эч кандай чечими жок туруп “караларды ким тыят, канкор, ишкерлердин канын ичкен ууру деп… көзү өтүп кеткен агамды “бандит” деп, сотторго басым жасап, телефон чалып, жөндөн жөн каматкан Жанар Акаев болгон. Менин үй-бүлөмдөн 15 миң доллар алган. Буга далил катары телефондук сүйлөшүүлөр, сүрөт, видеолор бар. Биздин тууганыбыз ага жети миң доллар алып барып берген. Бул видеого түшкөн”- деди ал соттогу көрсөтмөсүндө.

Ошол эле көнө анын бул көрсөтмөсүнүн видео мазмууну социалдык түйүндөргө таратылып, Канжар Кадыралиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов  депутат Жанар Акаевге кылмыш ишин козгоону прокуратурадан өтүнүп чыга келди. Анда ал “Соттолуучу Канжар Кадыралиевдин 2017-жылдын 30-мартындагы көрсөтмөсүнө байланыштуу, башкы прокуратура Жанар Акаевге карата өзүнүн кызматтык абалын пайдаланып, жеке кызыкчылык менен сот процессинин катышуучуларынан, жабырлануучулардан жана соттолуучунун туугандарынан акча алгандыгы жана сотторго басым көрсөткөндүгүнө байланыштуу кылмыш ишин козгоо маселесин чечиши керек деп эсептейм. Канжар Кадыралиев жана анын жактоочулары бул ишти иликтөөгө көмөк көрсөтүүгө даяр” деп жазган.

Маселенин түпкүрүнө баам салган адамга бул атайылап иштелип чыккан “гейт” операциялары сыяктуу эле иш экендиги айдан ачык эле көрүнүп турат. Бирок, Жанар Акаевге каршы тараптардын ири суммадагы акча жана авто унааларды пара катары алуу учурунда тартылган жетиштүү аудио, видео фактылар бар экенин, күбөлөр да даярдыгын айтып жатышканы, бул “гейт” боюнча дагы кызыктуу чуулар алдыда экендигинен кабар бергенсийт.

Бирок, ошол эле убакта андагы журналист, азыркы бийлик тарабынан өгөйлөнүп жаткан депутат Жанар Акаев буларды караманча төгүнгө чыгарууда.

Эгерде булардын мага болгон дооматы болсо дээрлик үч жылдан бери сот жүрүп жатат, эмнеге ошол убакта унчукпайт. Экинчиден, булардын карапайым ишкерлерден, ак ниет адамдардан тоногон акчасы бир дагы адамга буюрбай турганын мен жакшы түшүнөм. Үчүнчүдөн, бийликтен жансоога сурап, “мени пайдалансаңар дагы болот, мага жеңилирээк жаза берсеңер болот эле, Жанарды каралап бергенге мен даярмын” дегендей өзүнүн кызматын сунуштап турган учуру деп ойлойм. Булардыкы биринчи жолу эмес, буга чейин деле алар “пара алганың тууралуу далилдер бар деп бирөөнү жиберишкен. Бийлик буларга эч кандай жардам бербейт”- деп ойлойм, бардыгы мыйзам түрүндө чечилет. Мен мурдагы журналист кезимдегидей эле, азыр дагы криминал, ишкерлерди тоногон рэкеттер менен күрөшкөн позициямды уланта берем. Сотторго көргөзмө берип, прокуратураны көзөмөлдөөгө менин ыйгарым укугум жок. Мен Канжар Кадыралиевдерден аны коргогон  сот, прокурорлордон жана Ак үйдөгүлөрдөн коркпойм. Алар мени буга чейин эле коркутууга, сатып алууга аракет кылышкан. Бирок, ишке ашкан эмес, бул жолу да алардын ойлору ишке ашпайт”,- дейт депутат Жанар Акаев.

Ошондой эле ал бул иш Ак үйдөгү таасирдүү адамдардын айдагы экендигин, болгону  “Азаттыкта” журналист болуп туруп, эч кандай рычагдарсыз эле журналисттик иликтөө жасап, погондуу-көркоолор менен кармашканына сыймыктанаарын кошумчалап, бул жасалма иш экенин тастыктаарына ишенип турган маалы.

Мына ушундай, урматтуу окурман. Кечээ эле бийликке келгенде “Азаттыкты” алкап, кийин андагы тирикарак журналист Жанар Акаевди өзүнү жеке маалымат катчысы кылып дайындаган Президент бүгүн ошол өзүнү баласынан күчүү жаш депутатка кастарын ушундайча тигип туру. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, жакынкы аралыкта Жанар Акаевге кылмыш иши козголуп, анын мандатынан ажыратуу, жоопкерчиликке тартуу башталышы мүмкүн. Албетте, ага азыркы бийликтин “жетим жүгүрүктөрү” жеңин түрүнүп шымаланып турушат. Аларга, коррупционерби, бандитпи, көз бойомочубу, балким шайтандын өзү болсо да эптеп эле айыпталган бирөө болсо болду, калган ишти УКМК менен Башпрокуратура илгиртпей бүтүрө салат эмеспи. Баса, Канжар Кадыралиевдин кылмыш иши дал ушул Жанар Акаевдин иликтөөсүнөн кийин резонанстуу болуп кеткенде, Президент Алмазбек Атамбаев аны өз көзөмөлүнө алгандыгын айтканы бар. Демек, эми Жанардын ишин да өзү билгендей чечип коюушу ыктымал.

Бирок, кыргызда “чапкан сайын көз чыкпайт” деген бир накыл кеп бар. Анын сыңарындай, Жанардай таза жаштарды тизеге чаап, аларды ыплас саясатчылар менен кошо саясаттан ала кетем деген адам чоң жаңылат. Ансыз да эки ыңкылапты ишке ашырып, жыйынтыгында, баягы эле коррупциялык, кландык, акырында “тираниялык” бийликке үмүтүн уурдатып жиберген жаштар, өз кумирине болгон адилетсиздикке чыдап, унчукпай отуруп берээр бекен? Ойлонууга, оңдоого дагы убакыт бар…

Булак: “Алиби”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: