Menu

“Ичип-жемей” идеологиясы!

Бөлүшүү:

Бир топ жылдан бери экономикабыз өрүш албай орго түштү. Калп деңизчи? Жеп-ичмейдин желегин желбиретип баратканыбызды тана албайсың. 26 жыл бою таланып-тонолуу үстүндө болгон Кыргызстан баарына түттү.  Чыдады…Кай жерге барып токтоор экенбиз? Түгөнгөн сайын түтөгөн кыргыз экендигибизди, адилеттиги жок журт жакшылардын залымына каршы болгон митинг-пикеттерде көрсөтүп, өсөөр жагыбыздан жакшы эле аксадык. Кызарган жерден кылчайбай өтпөгөн бийлигибиз болбоду. Тарп талашкан кузгундай, бар ырыскыбызды баса калып, бөдөнөдөй бөктөрүм болсо да,“өз казаныма алып барам” дегендер жайнады. “Кыргызстанды оңоп-түзөп кетсек экен” деген изги тилегибиздин башатында, мамлекеттин  оңолууга болгон дымагын камтыган идеологиябыздын жоктугу, багытыбызды башаламандык  чырмады. “Акаев кезде бар эле”-деп, алты сөөмөйүбүздү ачып-жаап, жети осуятты айтканыбыз болбосо, казаныбызга аш толуп кеткен жок. Кандай жолду издеп көрбө,ойлогон ойго кыргыз эли оңой оодарылып түшүп кетпестигин көрсөттү.  Көрсө, биз идеологияны качандыр бир кездерде эле өздөштүрүп, өз ырыскыбызды “ичип-жемей” идеологиясынын алкагында жолго салыптырбыз. Эгер макул эмесмин десеңиз, анда өтө жөнөкөй түшүндүрүп көрөлүчү…

Кыргызстанда эле эмес, дүйнөдө саясат дегендин тубаса мүнөзү- балит, эки жүздүү, алдамчы, анан калса акыркы кездерде ажобуз атап бергендей “сасык” экен. Анда эмне үчүн мындай экенин билип туруп, чоң-кичинебизге чейин саясатчы болууну каалайбыз? Адам болуунун ачкычы саясатта жаткандай жанталашып, “кресло”, “кабинет” дегенде көз кызарып, жантая калабыз? Акыркы кездерде адистикти тандоонун түрдүү багыттары бир эле саясий жетекчиликтин кумарынан алыстай албай калды. “Чоңойгондо космонавт болом” деп айга учкусу келгендер,  Айтматов менен Ахунбаевдин жеткенине жерде басып жүрүп деле  жетсе болчу жазуучу, врач, мугалим, окумуштуу, актер, музыкант, акын болом дегендерди ит менен издеп таппастыгыбыз таасын көрүнүүдө. Кыргызстанда “киши сыяктуу жашайм” десең жер баспас министр, депутат, сот, прокурор бол, жашоо жайында болот” деген түшүнүк орноп калды. Бул түшүнүк 26 жыл ичинде “ичип-жемей” идеологиясы“жакшы жолдо” иштегендиги үчүн, ар бир ата-эненин баласына мына ушул идеологиянын айланасында тарбия бергендиги кадимки эле көрүнүшкө айланды.

Айрым ата-энелер төрөлгөн баласынын кулагына азан чакырып ат койгон эскилердин жакшы үмүтүнөн калган каадалар эмес  “чоңойгондо чоң болот, заңгыраган үй салат, кымбат машина алат”-деп, бешиктен бели чыкпаган баласын тарбиялоодо маданиятка, киши болмогу бар сапаттарга эмес, байлык  күткөн барандуулардан болсун деген тилекте. Анын маңызында адептүүлүктүн, ыймандын эмес, “аппетиттин” болуп жаткандыгы капка катылбаган шибегедей оркоюп жатканын кайда катат элек?

Япондордун “бала курсакта жаткан кезинен эле энеси эмнелер жөнүндө ойлонсо, ошонун негизинде калыптанат”-деген практикасына таянсак, биз балдарыбызды түйүлдүк кезинен эле “сасык” делген саясатка,  байлык-бийликке, башындагы бар мыдыры галстугунун түйүмүнө түйүлүп калма көрпенделикке тарбиялап жатыптырбыз…

«Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат” деген куштардын жашоосу деле адамдарга Шодокондун бүркүтүнүн кыял-жоруктары аркылуу, аңгеме болсо да ачкөздүктүн таасирлүү мисалы болуп бербедиби. Адамдардыкы, анын ичинде айрыкча биздеги үй-бүлөдөн алган үлгүлөр, тарбия, мисалдар Шодокондун бүркүтүнөн бүткөн кыялдар, канат күүлөп талпынып уядан учаар кездерде да бир кайталана ата-эненин тарбиясы кайрадан эле“ичип-жемей” идеологиясына байланыштуу болуп атпайбы.

Адис тандоодо да ата-эненин балага болгон кеңеши баласынын эмнеге жөндөмдүү экендигине, пендечилик дараметине, ой-жүгүртүүсүнө, кыялындагы көксөөсүнө эмес, адат болгон атаандыштыктагы куру намыстар менен бай болмогу бар чиновниктик чийимдердин сызыгынан кандай болбосун аттап өтүү аракетин көрүп:  “Балтабайдын баласы бажы башчысы болду эле, Бишкектен бир үй алды, сарай салды, мал-жандуу болуп калды, жыргагандан ошол жыргады, ошонун окуусу эмне экен? Тапшыр… Же тиги Желдеңбайдын уулу окуган жанагы ала таяк кармагандардын окуусу деле жаман эмес, жерде калбайсың? Өзүң бил, Өндүрүштүн Өмүрбеги өмүрү китеп бетин карамак тургай, өз бетин дурустап жуучу эмес эле, тигине сот болуптур. Өзүн эмес бир өзөн элин багып, басканы изине гүл жайнап жатат”-деп, окуу тандоону да “ичип-жемей” идеологиясынын айланасында көз чаптырганыбыз бар.

Бул оюбуз бактысы тоодой болуп, бар дараметин пайдаланып, кыр ашып, кыл чайнап, турмуштун ысык-суугуна бирдей чыдап, каруусун казык, жанын азык кылып, турмуштун туташ кыйынчылыктарын жеке өзүнүн билими, маданияты, эрк, күчү менен өз ордуна коюп, жашоодогу адам абийиринин кулу болуп, максат-тилектерин элге-жерге арнап, чыныгы атуулдук милдеттерди сактап келе жаткандардын кыжырын келтиргени менен турмуштун оош-кыйыш жолдорунда мындайлардын бар экендиги талашсыз чындык. Жерпайы жеп ичмейдин тарбиясы менен эмес, аларга туура тарбияны ириде коомго аралашканга чейин үй-бүлөдө калыптандырсак деген ой! Ойлорубуз бир сындырым нанга окшогону менен “ичип-жемейдин” башаты үй-бүлөдөн көз жарып жатканы чыныгы көрүнүшкө айланганына өзүңүз да назар салаарсыз. Канча жылдан бери ак чачтуу академиктер, саясый чөйрөнүн салмактуулары, ташка тамга басаар тарыхчысы, майнаптуу маданиятчысы, Манасчысы, ал турсун камакчысы да изилдеп, бирок ордуна кое албаган Кыргызстанды гүлдөтүп, коррупциядан арылтабыз деген идеологиянын кыркаар тамырынын бир учу ушул жактарда болуп жүрбөсүн? Айрым ашкере сыппаталып жүргөн кемчиликтерди кээде жөнөкөй эле кыргызча ойлонуп, толгонуп, чындыгына жете турган мезгил келди көрүнөт.

Булак: “Алиби”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: