Yahoo компаниясынын түйүндөрүнө ири киберчабуул жасаган деп айыпталган казакстандык Карим Баратов аны бошотуу өтүнүчү менен Канада сотуна кайрылды.
Прокуратура орусиялык тыңчылар менен байланышта болгондугу айтылып жаткан Карим Баратов эркиндикке чыккандан кийин из жашырышы мүмкүн деген жүйө менен өтүнүчүнө каршылыгын билдирди. Айыпталуучунун адвокаты эгер сот Баратовду бошотуу өтүнүчүн канааттандырса, анын ата-энеси кепилдик берүүгө даяр экенин айтты. Атасы Ахмет Токбергенов эгер талап кылынса үйдөгү интернетти да өчүрүүгө макул болорун билдирди.
22 жаштагы Баратов 2014-жылы веб-сайттарды, веб-хостингдерди каттоо менен алектенгенин жана серверлерди хакердик чабуулдардан коргоодон түшкөн кирешеси 81 миң долларды түзгөнүн билдирген.
Прокуратуранын маалыматы боюнча Баратовду Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) эки тыңчысы хакер катары жалдашкан. ФСБнын ал эки кызматкерине карата да бул иш боюнча айып тагылган.
Түпкү теги казакстандык болгон Баратов Канадага 2007-жылы кетип, 2011-жылы ал өлкөнүн жарандыгын алган. Шектүү өткөн айда кармалган, ал Кошмо Штаттарга өткөрүлүп берилиши мүмкүн.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ