Menu

Чуусу бүтпөгөн “мародерлук”

Бөлүшүү:

Кез-кези менен чыгып туруучу “мародерлук” темасы кайра талкууга түштү. Бул иш боюнча ЖКнын мурдагы депутаты Райкан Төлөгөнов камакка алынды. Буга чейин мародерлук боюнча Өмүрбек Текебаев баштаган “Ата Мекенчилерди” айыптап келген Абдулла Юсуповдун айткандары калп экенин мен далилдеп берем деп Нургазы Бакаев аттуу жаран маалымат жыйын өткөрдү.

2012-жылы мародерлук темасы коомчулукта катуу талкууга айланды. Бул тема “Ата Мекен” партиясына жана жеке Өмүрбек Текебаевдин беделине оңбогондой чоң сокку урду. Бирок жалган жалаа кандай болгон күнү дагы акыры чыгат экен. Мародерчулук чуусуна Өмүрбек Текебаев жана “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрүнүн тиешеси бар же жок экенин 2012-жылы коомдук талкууга чыккандан тартып ИИМ, УКМК баш болгон күч органдары толугу менен иликтөөгө алышты. Бирок бул иш боюнча далилдүү фактылар жок болгонунан уламбы, кайра токтоп калчу. Ошол эле иштер эми кайра козголуп отурган чагы.

Бул иш боюнча коомчулукка жаңылык боло турган эч кандай далилдер азырынча айтыла элек. Болгону соттолуп кеткен Абдулла Юсупов сыяктуу адамдардын көрсөтмөлөрү бар.

Жакында эле Нургазы Бакаев аттуу жаран журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп, Юсуповдун сөздөрү калп экенин далилдеп берем деп билдирди.

-Мен 2011-жылы №1 СИЗОго барып Абдулла Юсупов менен бир камерада 6 ай отуруп калдым. Ал башында ГУБПдин балдары барганда Зарылбек Рысалиев  2010-жылы 7-апрелде мародерлук ишке барган деп арыз жазып берген. Бирок ал арыз аягына чейин териштирилбей кала берди. 2012-жылы Абдулла Юсупов  Райкан Төлөгөнов мародерчулук ишке аралашкан деп арыз жазып берди. Бир аздан кийин бул ишке Туратбек Мадылбековду кошту. Себеби, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматын ошол кезде Шейшенбек Байзаков жетектеп турган. Туратбек Мадылбеков ошол Байзаков менен тирешип турган кези экен. Абдулла Юсупов бул учурдан пайдаланып, Байзаков аркылуу эркиндикке чыгып кетүүнүн аракетин көрсө керек. Дагы бир аздан соң “буларга буйрук берген” деген асмандан алынган логикалары менен Өмүрбек Текебаевди жана Болот Шерди кошушту. Бул эки үлкөн саясатчы жөн жерден кошулган жок. Бул чоң саясий буйрутма болду. Абдулла Юсупов аябай ишенимдүү кишилер менен сүйлөшүп жатканын айтып, алардын шарттарын аткарсак эркиндикке чыгарып жиберет деп пландап жүрдү. Бирок оор кылмышы менен Абдулла Юсупов сот аркылуу гана куткарыла турганын билген жок. Ал бир эле телефон чалуу менен куткарып чыгышат деп ойлогон. Абакта Абдулла Юсупов өзүнүн калпычылыгы менен белгилүү. Ал НТС каналына 2012-жылы чыгып алып “мени 60 миң доллар тап деп коркутуп жатышат, менин өмүрүм коркунучта” деп жанын жеди. Мен бир камерада отурган адам катары аны эч ким кыйнабаганын, ага эч ким акча тап деп коркутпаганын билчүмүн. Бул иштин баарын Абдували Акжолов деген подполковниктин көрсөтмөсү менен жасачу. Акжолов сырттан  Абдулла Юсуповго көп жолу телефон чалчу.  Себеби, Юсупов кат жазганды дагы билбейт, НТСтен какшап айтып жаткан Максимдин офисинен уурдалган алтындын номерлерин билчү эмес. Мунун баарын Акжолов үйрөткөн.  Абдулла Юсуповду ГСНдин жетектеп турган Зарылбек Рысалиев СИЗОдогулардын жонуна мингизип салган, ал абакта каалаганын кылчу. Бул тууралуу СИЗОдо иштегендердин баарынан сурап чыксаңыз айтып беришет.

Абдулла Юсупов ким?

Абдулла Юсупов киши өлтүрүү, талап-тоноо, алдамчылык ж.б. беренелер менен күнөөлүү деп табылган. Ал мурунку муфтий Муратаалы Жуманов ажыны өлтүрүүгө катышкандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган. Бул ишке мурун Ички иштер министрлигинин 10-башкармалыгынын башчысы Акжолов Абдували аттуу подполковникдагы аралашкандыгы белгилүү болгон. Муратаалы ажы Жумановду уурдап барып, 1 миллион доллар талап кылышкан. Натыйжада ошол уурдап барып ур-токмоко алынгандан кийин Муратаалы ажы Жуманов 2 айга жетпей каза болду. Ушул подполковник Акжоловдун мындан башка дагы көп талап-тоноочулук иштерге аралашкандыгы белгилүү болгон.

Булак: “ПолитКлиника”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 + = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: