Menu

Атамбаевдин 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик Апрель революциясынын 7 жылдыгына байланыштуу кайрылуусу

Бөлүшүү:

Атамбаевдин кайрылуусунун тексти: 

Урматтуу мекендештер!

Туура жети жыл мурда, 7-апрелде Кыргызстандын тагдыры чечилген. Ал күнү элибиздин алдында бир үй-бүлөнүн хандыгы орноп, калганыбыз кул болуп калабызбы, же эркин жарандар өлкөсү болобузбу деген суроо турган. Ал күнү көк жал жигиттерибиз эркиндик үчүн бүгүн, азыр башты сайып күрөшпөсөк, кийин кеч болуп калат деп чыгышкан. Дал ошол күнү намыскөй элибиз кайрадан эркиндикке, адилеттикке, келечекке жол ачкан.

Бирок, Жеӊиштин баасы өтө кымбат болду. Ошол күнү 86 жараныбыз курман болгон. Андан кийин өткөн мезгилдин ичинде да, алган жаракаттарынын кесепетинен ондогон жигиттерибиз көз жумду.  7-апрель шейиттерине таазим этебиз!

Арабызда ошол 7-апрель күнү “Ала-Тоо” аянтында ок алдында тургандар, өлүмдүн көзүн тик карагандар бар, катуу жарадар болгондор бар, Кудай октон сактагандар да бар. Эрдиктер үчүн таазим этебиз!

Урматтуу мекендештер!

Ошол каргашалуу күнү “Ала-Тоо” аянтына эч ким кызмат үчүн, же байлык үчүн чыккан жок! Эч ким сыйлык алам деп чыккан жок! Көр оокат үчүн эч ким чыккан жок!

7-апрель күнү эл чындык үчүн, адилеттүүлүк үчүн майданга чыккан! Кул болбойбуз деп чыккан! Кайрадан Кокон хандыгын курдурбайбыз деп чыккан! Тизелеп жашаганча, тик туруп өлөбүз деп чыккан!

Ушундай элибиз болгонуна, ушундай көк жал жигиттерибиз болгонуна Кудайга миң мертебе рахмат! Сыймыктанабыз элибиз менен!

Урматтуу мекендештер!

2010-жылдын 7-апрель – өлкөбүздүн тарыхындагы эң кайгылуу, бирок ошол эле убакта эң маанилүү окуялардын бири.

Мен мурда айткан сөздөрүмдү дагы бир жолу кайталагым келет. Бийик тоолор алыстан гана көрүнөт. Жакындасаң, аларды пас бөлтөктөр, адырлар, башка тоолор жаап калат. Алыстаганда гана бийик тоолор алардын аркасынан калдайып чыгып, көрүнүп баштайт, ак мөңгүлүү чокулары менен асманды тиреп.

2010-жылдын 7-апрелинде болгон окуянын зор мааниси да, ошол күнү көрсөтүлгөн эрдиктин бийиктиги да жылдар өткөн сайын гана так көрүнүп баратат.

Мен ишенем, канча мезгил өтсө да, бул окуя унутулбайт, тескерисинче жылдан жылга асман тиреген ак мөңгүлүү залкар тоодой болуп, өлкөбүздүн келечеги үчүн курман болгон жигиттерибизди элестетип, элибизге, жаңы муундарга дем берип турат.

Урматтуу мекендештер!

7-апрелде биз көптөгөн кырчындай өмүрлөрдөн айрылып, кайгыга баттык. Бирок, ал баатырлардын улуу тилектери ишке ашып, азыр Кыргыз өлкөсү өзгөрүп, өнүгүп жатат.

7-апрелден кийин жергебизге көптөн күткөн тынчтык, туруктуулук келди.

7-апрелден кийин кыргыз мамлекеттүүлүгү бекемделип, эгемендүү Кыргызстан өнүгүү жолуна чыкты.

7-апрелден кийин кыргыздардын байыркы тарыхы, кайталангыс маданияты менен салттары тоодон аккан дайрадай жанданды.

7-апрель кыргыз элинин духун, намысын ойготту.

7-апрель кыргыз көчүн кайрадан Манас атабыздын, бабаларыбыздын жолуна салды. Кыргыз элине кең келечек ачылды!

Ошондуктан мындан ары биз бул күндү аза күтүү күнү катары эмес, улуттук майрам катары тосушубуз керек.

Урматтуу мекендештер!

Баарыңарды 7-апрель Улуттук майрамыбыз менен куттуктайм!

Баарыңыздарга узун өмүр, чың ден соолук, бак-таалай каалайм!

Жараткан элибизге биримдик, жерибизге берекет берсин!

Жашасын эгемендүү Кыргызстан!

Майрамыңыздар менен!

                                                   

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 − = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: