Кечээ өткөн 7 – апрель күнүн Атамбаев: “7-апрель кыргыз көчүн кайрадан Манас атабыздын, бабаларыбыздын жолуна салды. Кыргыз элине кең келечек ачылды! Ошондуктан мындан ары биз бул күндү аза күтүү күнү катары эмес, улуттук майрам катары тосушубуз керек” – деген сөзүн коомдук ишмер Эдил Байсалов сындады.
Анын оюнда бул трагедияны майрам деп эсептөө такыр туура эмес. “Бул күн майрам болсо, ошол күндүн аркасынан бийликке келип отурган Aтамбаев үчүн майрам, анын жанында жүргөн шоопуру үчүн майрам, жан-жөкөрлөрү, Атамбаевдин кайрылуусун жазган, ошол эле Бакиевдин кайрылууларын жазып жүргөн кишилерге майрам, анткени ошолор жазып жатышат” – деди Эдил Байсалов.
Булак: “Кyrgyztoday”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ