Menu

Энелердин, жетимдердин, жесирлердин жандүйнөлөрү качан жай табат?

Бөлүшүү:

“Бакиевдин бийлигинен куткарабыз” деп канчалаган кыраан жигиттерибиз жаштайында жайран болду? Канчалар жарадар болду. Андан бери арадан жети жыл өттү. Бирок ошол кыраандар эңсеген жаркын келечекке жеттикпи? “Алардын каны эмне үчүн төгүлдү?” деген ачуу суроо көкүрөктү көзөйт. Баарын мезгил дарылайт. Мезгил тараза дейбиз. Бирок апрель сотуна али чекит койулбай, апрель окуясына ар ким деңгээлине жараша өйдө-төмөн өз пикирин айтканы айткан. Бирок “элим” деп өмүрүн тартуулаган кыраандардын эрдиктери ар убак эсибизде. Алар өлбөс адамдар. 

Румен АСЕНОВ, “Айкөл Ала-Тоо” коомдук уюмунун мүчөсү:
“Төгүлгөн кан үчүн карыздарбыз”

– Румен айтсаң, учурда “Айкөл Ала-Тоо”, “Мекен шейиттери” ж.б. Апрель революциясынын ишин алып барган коомдук уюмдардын саны көп. Баарыңар бир уюм болуп түзүлүп, биргелешип иш алып барсаңар кандай болоор эле?
– Биздин уюмда негизинен 7-апрелде аянтта жүрүп, өз эрдигин көрсөткөн жарадарлар. Ал эми “Мекен шейиттерине” каза болуп калган баатырлардын тууган-туушкандары мүчө болушкан. Андан тышкары, ар бир облустарда, райондордо коомдук уюм түзүп алгандар бар. Саналуу эле мүчөсү бар коомдук уюмдар катталган. Эң негизги уюмдар “Айкөл Ала-Тоо”, анан “Мекен шейиттери”. Ал эми облус, райондордо түзүлгөн коомдук уюмдар аймактарда ар кандай иш-чараларды өткөрүп, баатырлардын ысымын кийинки муунга калтырууга жакшы салымдарын кошуп келишет.
 Элдик революция өткөндөн бери арадан жети жыл өттү. Бүгүнкү коомго кандай баа берип келет?
– Азыр өзүңүздөр көрүп-билип турасыздар. Ким кандай сүйлөп жатат? Ким кандай баа берип жатат? «Ата Бейитте» канча баатырларыбыз топурак болуп томсоруп жатат. Бүгүнкү бийлик ошол чырактай балдардын өмүрүн ойлоп, түздөнүш керек эле. 7-апрелде 87 балабыз каза болсо, ошол күнү жарадар болгон кыркка жакын бала кийин каза болду. “Элим” деп төшүн окко тоскон баатырлардын каны төгүлдү. Ал төгүлгөн кан үчүн карыздарбыз.

Эне кантип уулун унутсун

Биздин бүгүнкү күн үчүн шейит кеткен кырчындай жигиттердин бири Эмилбек АЙЫЛЧИЕВ да Мекен үчүн жүрөгүн окко тосуп, каргашалуу 7-апрель күнү арабыздан кете берген. Эмилбек Айылчиев 1983-жылы 25-февралда Талас шаарында төрөлгөн. Ж. Баласагын атындагы улуттук университеттин юридикалык факультетине тапшырып, 2005-жылы ийгиликтүү бүтүргөн. Бүгүн Эмилдин апасы Кишимжан ТАШТАКЕЕВА уулун жоктоп эскерип отурду.
– Эмил ата-энеси үчүн кандай уул эле?
– Эмилбек кичинесинен эле боорукер, токтоо, бир айткан сөзүн эки кылбай аткарган, эстүү бала болуп чоңойду. Апакелеп эле менин бетимден өөп, жароокер бала эле. Ошол жаркылдаган элеси көз алдымдан кетпей жүрөктү өрттөйт.
“Мен дүйнөдөгү эр жүрөк, боорукер, эстүү баланын бактылуу энесимин” деп жүрсөм… Көрсө…. Эх, армандуу күн…
– Ал каргашалуу күндөн бери арадан жети жыл өттү. Жүрөктөгү жараңыз карттанайын дедиби?
– Эне кантип уулун унутсун? Уулун жоготуу эненин шору экен. Баарынан баланыкы кыйын да. Жол кырсыгынанбы же ооруданбы, энелер уулун жоготконун уксам жүрөгүм зыркырайт. Мындай тагдыр башымда тургандыктан эненин ошол абалын терең түшүнөм. Жыл өткөн сайын унутулбай эле жүрөктөгү жара ырбай берет экен. Башка чет жерге эле чыгып кетпесең, айланаңда балаңдын достору… Балам кармаган буюмдар, балам жүргөн жерлер баары кайра уулумду эске салат.
 Неберелериңиз чоңоюп калдыбы?
– Атасынан айрылган убакта кызы Элиза 1 жаш 7 ай, келиним 4 айлык кош бойлуу эле. Келиним көз жарып, азыр неберем Элдар алты жаштан ашып калды. Алар Бишкекте турушат. Каникул сайын чоң атасын, чоң апасын кубандырып келип кетишет. Неберем Элиза Манас-Түрк лицейинде окуп жатат.
 7-апрель күнүн кандай өткөрөсүздөр?
– Жылдагыдай эле уулумдун эстелигине барып эскерип, жайылган дасторконго куран түшүрөбүз.
Менин демилгем менен уюшулган “Баатырларга таазим” аттуу энелердин коомдук уюму бар. Биздин уюмдун демилгеси менен 11 миң адамдын колун чогултуп, Бишкекке барып, Жогорку Кеңешке “7-апрель майрам күн болуп белгиленсин” деген кайрылуубузду жолдогонбуз. Буюрса бул кайрылуубуз ишке ашты. Ар ким өз деңгээлине жараша бири ылдый айтат, бири өйдө айтат экен. 7-апрелге карата козголгон сот болсо дале акырына чыкпай келет. Жакын арада чыгаарына да көзүбүз жетпей калды.

 Кагылайын каралдылар бой жетип келет…

Канат БЕКБОЕВ 1982-жылдын 25-январында Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылында жарык дүйнөгө келген. 7-апрель күнү келинчеги каршы болгонуна карабай митингге келген. Акүйдүн алдынан атасы менен агасына жолуккан. БТР келгенде алдыга жүгүргөн эл менен кошо жүгүрүп, бири-бирин таппай калышкан. Канатты снайперлер башка атышкан. Бүгүн биз Канаттын жубайы Наргиза АЛЫМКУЛОВАдан кабар алдык. 
– Наргиза, Канаттын мүнөзү кандай эле?

– Канаттын мүнөзү жоош, оор басырыктуу, тырышчаак, эмгекчил, адамды сыйлаган жан эле.
– Уулдары абдан жаш калган турбайбы…
– Улуу уулум Даниэл эки жашта. Билал бир жашта болчу. Азыр чоңоюп калышты. Даниэл шаарыбыздагы №13 мектепте окуп жатат. Билал да чоңоюп калды. Канаттын сөөгү өзүнүн туулган жерине берилген. Бейитине барып куран окутуп турабыз. Уулдары азыр кичинекей болуп, көп нерсеге акылдары жете элек. Бой жетишкенде эли үчүн жан берген атасына сыймыктанып, атасындай эр жүрөк мекенчил уулдардан болот деген ишеничтемин. Өкмөт болсо каралашып турат. Мектептеринен да жеңилдик болот. Өкмөткө нааразычылыгым деле жок.

«Ата Бейитте» көрүстөндөр томсоруп турат

Мезгилдердин жылуулугун, сулуулугун, гүлдөгөн өрүктөрүн, төккөн жамгырларын сезбей, көрбөй «Ата Бейитте» көрүстөндөр томсоруп турат. Жүрөктү “дүрт” эткизген жөн гана дөмпөйгөн бир топурактар. Сүйлөсөң да, ыйласаң да эч сезбей эмне деген кыраандар жатат? Эмне деген баатырлар жатат? Кыргызстандын өзүнчө көз карандысыз мамлекет тарыхын түптөгөн мекенчил аталарыбыз Касым Тыныстанов, Жусуп Абдрахманов, Төрөкул Айтматовдун, залкарыбыз Чыңгыз Айтматовдун  жана мекени үчүн окко учкан 87 баатырдын сөөгү бар ал жерде. Албетте, бул улуу инсандардын сөөгү жаткан жер кыргыз эли үчүн ыйык жай.

Бейиш менен тозогу, бешик менен табыты жанашкан тополоң турмушубузга «Ата Бейиттеги» аталарыбыз, баатырларыбыз да көз салып турушкандыр. Мына ушул аталардын, баатырлардын арбагына багыштап куран окуп, элесин эстеп, башыбызды ийип таазим кылып туруу баарыбыздын парзыбыз. “Өлгөндүн өз шору” дейт. Ансыңарындай, кечээ эле ушул 87 баатырдын каны менен бийликке келген бийлик төбөлдөрү креслолорун коргоп, элдин абалын, эртеңки тагдырын, көйгөйлөрүн ойлобой, ишенгендери соттошуп бүтпөй, элди курал катары гана пайдаланууну билип, бийлик талаш менен гана алектенип, ал кандуу күндүн баасын дале билбей келишет. Шейит кеткен балдар, жалпы кыргыз эли Кыргызстандын жаркын келечегин күттү эле. Эми эмне болот? Күркүрөгөн күздү, кайрадан бийлик алмашууну, дагы бир революцияны, жаңы кызматты күткөндөр көп. Айтор, жашообуздун ашмалтайы чыгып жатат. “Эки революциядан кийин кайра эле баягы кайталанат да” деп, эл дагы көп нерсеге кол шилтеп, кайдыгерликтин сазына батып кетти. Ушундай жашоо түбөлүккө улана береби? Бычакка сап болор, элим деген курч чыгаандар качан чыгат?! Энелердин, жесирлердин, жетимдердин «биздин атабыздын, уулубуздун каны бекер төгүлгөн жок” деп жандүйнөлөрү качан жай табат?..

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: