Menu

Түштүк Кореяда мыйзамсыз виза алган деп төрт кыргызстандык соттолууда

Бөлүшүү:

Түштүк Кореяда “мыйзамсыз виза алган” деген негиз менен кыргызстандык төрт жаран соттолуп жатат. Үч кишинин иши боюнча Чханвон шаардык сотунун акыркы, чечим чыгаруучу отуруму 19-апрелге белгиленген. Дагы бир адамдын соту 14-апрелде башталат.

Алар чет элдеги этникалык корейлерге бериле турган “H-2” визасын алдоо жолу менен алганы аныкталганын Сеулдагы кыргыз консулу Нурзат Саякбай кызы билдирди.

Мыйзамсыз виза алгандар 2015-жылы барган. Алдын ала маалымат боюнча алар депортация болушу ыктымал.

Ушул тапта Түштүк Кореяда этникалык корейлерге берилчү визаларды текшерүү боюнча рейд жүрүүдө.

Быйыл февралда Түштүк Кореяга кетүү максатында жыйырмадай адам аты-жөнүн корейче өзгөрткөнү ачыкка чыккан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 68 = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: