Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде элдик демилге тартибинде демилгеленип, Баткен окуясынын катышуучуларынын социалдык укуктарын коргоо чараларын жакшыртуу максатында иштелип чыккан “Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктун эмгекчилери жөнүндө” КР мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу КР ЖК Басма сөз кызматы маалымдады.
«Баткен согушунун республикалык жоокерлеринин кеңеши» коомдук бирикмесинин төрагасы Сатыбек Молдалиевдин айтымында, Баткен окуяларынын катышуучулары 1999-2000-жылдары мамлекеттик маанидеги тапшырмаларды аткарып, өлкө аймагына кирип келген терррордук топко каршы куралдуу күрөш жүргүзгөн. «Ошондон улам, алардын жесирлерине, бала-бакырасына, ата-энелерине төлөнүүчү социалдык төлөмдөрдүн өлчөмүн көбөйтүү сунушу киргизилүүдө», – дейт ал.
Ал эми каржы министри Адылбек Касымалиев Өкмөт бул мыйзам долбооруна 2015-жылдын 1-октябрындан терс корутунду бергенин эске салып, анын башкы себеби бюджетте кошумча каржы булактары жок экенин белгиледи.
Эсе салсак, элдик демилге катары сунушталып жаткан “Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктун эмгекчилери жөнүндө” КР мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбооруна карата жарандардын 63 миӊ колу топтолуп, парламенттин кароосуна 12 жарандын колу менен киргизилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ