Астана Сирия боюнча майда өтө турган сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасына даярдык көрүүдө. Бул тууралуу Казакстан тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов билдирди.
“Биз сирия жаңжалын тынч жол менен чечүүгө кызыктар бардык тараптарды сүйлөшүүлөргө чакырып, Астана жараянын, анын ичинде Женева жараянын колдоого чакырабыз”, — деди Абдрахманов.
Кайрат Абдрахманов Казакстан ок атышпоо режиминин бекемделишин каалаган бардык тараптардын сүйлөшүүлөргө катышуусуна кызыктар экенин билдирди. Бирок акыркы чечимди бул жараяндын демилгечилери кабыл аларын дагы баса белгиледи.
Быйыл Астанда Орусия, Түркия жана Иран делегацияларынын катышуусунда Сириядагы урушту жайгаруу боюнча бир нече сүйлөшүүлөр өттү. Сирия оппозициясы өткөн айдагы үчүнчү жолугушууга байкот жарыялап келген жок.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ