Menu

Премьер-министрдин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2016-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчету парламенттин кароосуна киргизилди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2016-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчету бүгүн, 10-апрелде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтунун Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85 беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жыл сайын Жогорку Кеңешке өзүнүн ишмердүүлүгү тууралуу отчет берет. Конституциялык мыйзамдын «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тууралуу» 12 беренесине ылайык Премьер-министр жыл сайын 15-майга чейин Жогорку Кеңешке Парламент тарабынан бекитилген Өкмөттүн программасы тууралуу өткөн жыл үчүн отчет берип турат.

Премьер-министрдин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчету парламенттик фракцияларда жана комитеттерде талкуудан өтүп, андан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин жыйынына киргизилет.
Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков 5-апрелде министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун жетекчилери менен жумушчу жыйын өткөрүп, анда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдагы аткарган иштери тууралуу отчеттун долбоорун талкуулаган.

Жыйында белгиленгендей, 2016-жылы өлкөдө экономикалык өсүү 3,8 % болду. Улуттук валютаны бекемдеп, өндүрүштүн өсүү темпин жогоруталууга мүмкүндүк түзүлдү. 2016-жылы экспорт 5,1% өстү. Өлкөнүн экономикасындагы позитивдүү статус ВСП+ жетишкендиги. Биздин экспортерлор өз товарларын кошумча салык төлөмүсүз Европа Биримдигинин рыногуна чыгара алышат. 2016-жылы ЕС мамлекеттеринин аймагында экспорттун көлөмү 2015-жылга салыштырмалуу 44,3% көбөйүп, 72,3 млн АКШ долларына жетти.

Ошондойэле жыйында Кыргыз-Россия өнүктүрүү Фондунун алкагында жалпы суммасы 202 млн АКШ долларын түзгөн 647 долбоор каржыланы жана 13 миңден ашык дыйкан-фермерлерге 4,8 млрд сомдук жеңилдетилген насыя берилгени өзгөчө белгиленди.
Кыргызстандын ЕАЭБ курамына кириши менен эмгек мигранттары үчүн жумушка орношуу процедуралары кыскарып, алардын үй-бүлөлөрүнүн социалдык абалы бир топ жакшырды. 2016-жылы эмгек мигранттарынын мекенине жөнөткөн каражаты 21,6% өсүп башкача айтканда 1,6 млрд сомду түздү.

Ошондой эле Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Өкмөттүн ишмердүүлүгү тууралуу отчету жаңы форматта даярдалганын баса белгиледи.

Отчеттун түзүмү толук өзгөртүлдү, баалоо көрсөткүчү Өкмөттүн иш процессине эмес, План жана программалар боюнча ишке ашкан конкреттүү жыйыныктарга коюлат. Өкмөттүн иши элдердин ишеним индексине жана эл аралык тепкичтеги индестин негизинде бааланат. Жаңы отчеттун негизги өзөктүү өзгөчөлүгү болуп, Өкмөттүн ишмердүүлүгүнүн интегралдык сапаттуу көрсөткүчүнүн баасы болуп эсептелет.

Ушул эле жыйында Өкмөт башчысы министрликтердин жетекчилерине, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволорго 2017-жылдын 10-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү үчүн, өздөрү көзөмөлдөгөн тармак боюнча жумушчу топко сунуштарды киргизүүнү тапшырган.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 20 = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: