Бишкек мэриясы 2017-жылга 4 майрамда атылчу фейерверктерге 1,2 миллион сом жумшаары белгилүү болду. Бул не деген ысырапкорчулук? Ансыз да акыркы күндөрү коомчулук кытай фейерверктерин колдонушпай, тарсылдагы жок эле майрамдарды тосушууда. Мэрия мындай ысырапкорчулука жол бербестен, бомба түшкөндөй акыбалдагы жолдорго каражат бөлүп, Кыргызстаныбыздын борбору болгон Бишкек шаарынын көчөлөрүн оңдосо болмок. Жолдордун абалы мышык ыйлаарлык абалга жетти го. Жөн эле ысырапкорчулукка жол бере бербей, каражатты пайдалуу нерселерге колдонолу урматтуу шаар башчы!
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ