Өмүрбек Текебаев камалганда жанын берчүдөй күпүлдөп саясий шоу жасаган Каныбек Иманалиевдин акыркы күндөрү үнү чыкпай, тынчыды. Калп эле Текебаевге күйүмүш болуп, эл көзүнө жакшы көрүнүмүш болгон эргул Алмамбет Шыкмаматов дагы камалса «Ата Мекен» партиясынын лидери болуп, президенттик шайлоого катышам деген ою ордунан чыкпай, ичинен кан өтүп жаткан кез. Ошондон улам «Ата Мекенден» оомат кеткенин байкаган жаны Текебаев туурасында ооз ачуудан айбыгып, эптеп куйрук түйүүнүн амалын ойлоп, бийликтин эшигин жыртып жакшы көрүнүүнүн аргасын издеп убара. Күндүзү «Ата Мекендин», түнкүсүн бийликтин ырын ырдап.. Мындай өнөрүн байкап калышкан «атамекенчилер» да сактануу менен мамиле кылганга өтүшүптүр.. Баса, абакка отуруп калсам пайдасы тийип калабы деп жатканбы, айтор бокс менен машыгып жатыптыр.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ