Menu

Өзбекстанда “Кремль ашпозчусу” сакалы үчүн мазактоого кабылды

Бөлүшүү:

Ферганалык 37 жаштагы эл аралык класстагы ашпозчу 1-апрелде президент Мирзиёев түзгөн “элдик кабылдамага” кайрылып, өкмөттүк ашканалардан иш таап берүүнү өтүнгөн. Ашпозчу Шерзод Мадаминовдун айтымында, Фергана облусунун акими аны эспанолька үлгүсүндө сыйда сакал коюп жүргөндүгү үчүн эл алдында кемсинтип, акарат келтирген.

Ал бир нече жыл бою Орусиянын белгилүү ресторандарында иштегенин, орус президенти Владимир Путиндин катышуусундагы иш-чаралар үчүн тамак даярдоого катышканын, бирок Өзбекстанга келгенде ишсиз калганын билдирүүдө. Ашпозчу өкмөттүк ашканаларда иштөөнү каалайт.

Ашпозчунун айтымында, “элдик кабылдамалардын” биринин өкүлү ага жеке ишин ачуу үчүн насыя алууну сунуштаган:

–Мен абдан сүйүндүм жана макул болдум. Бирок күтүүсүздөн Фергана облусунун акими Шухрат Ганиев ордунан туруп, мага келип, сакалымды көрсөтүп: “Бул эмне” деди. Мен сакалым жөнүндө айтып жатканын түшүнүп, ага: “Бул – эспаньолка” деп жооп бердим. Ал кайра сурады, мен кайталап жооп бердим. Анан облус акими жаныбызда тургандардын көзүнчө: “Качан сакалыңды алып, биз сыяктуу кадимкидей киши болуп келсең, ошондо гана насыя ала аласың”, деди. Мен өтө ачууланып, чыгып кеттим, – деди Шерзод Мадаминов.

Ашпозчу акимди сотко берүүгө ниеттенип, бирок жергиликтүү бийликке каршы тура алгыдай жактоочу таба албай койгонун кошумчалады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 + = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: