Menu

Атамбаевдин Измирден учурган 35 млн долларлык семиз өрдөгү

Бөлүшүү:

Бекеринен кыргыздар “Калптын казаны кайнабайт!” деген эмес экен…

5-апрелде Президент Башкы Прокурорду чакырып, 2003-жылдын 31-январында Измирдеги ишканасынын акциясын 45 млрд түрк лирасына сатып, аны ошол учурдагы курс менен 35 млн $ кылганы жөнүндө айтып берип, тастыктоочу документтерди колуна тапшырган эле….

Эми өтө кызык жагдай жаралып жатат… Турк лирасы кунсуз акча бирдиги катары эки жолу Гиннестер китебине киргизилиптир. Ал жылдардын бири 2001-2004 жылдарды камтыйт. Атамбаев ишканасынын акциясын саткан күнү, тагыраагы 2003-жылдын 31-январындагы 1 $дын “сатыш баасы” = 1 643 418 (бир миллион алты жүз кырк үч миң төрт жүз он сегиз) түрк лирасын түзгөн. Атамбаевдин 45 млрд лирасы 27 381 (жыйырма жети миң үч жүз сексен бир) гана долларды түзмөк. Анан Атамбаев кайдагы 35 млн $ жөнүндө кеп кылып жатат?

2003-жылы Туркияда 35 млн $ киреше алуу үчүн Атамбаев иш канадагы акциясын 57 519 630 000 000 түрк лирасына сатуусу керек эле… Атамбаевдин З5 млн $ кирешеси Измирден учурган семиз өрдөк болуп чыкты…

Түркияда 2005 жылдын ортосунда гана инфляция боюнча жүргүзүлгөн реформалардын натыйжасында “Жаны Түрк Лирасын” киргизип, 1 000 000 дун 6 нөлүн алып, 1 лира кылып бекитишкен… Азыр дагы кээ бир түрктөр 1 лираны 1 млн лира деп, 1000 лираны 1 млрд лира деп айтышат….

Маалымат үчүн: 2003 жылдагы доллардын курсу тууралуу маалымат Туркия Республикасынын Борбордук банкынын официалдуу сайтынан алынды.

Туркиянын лирасы туурасында тарыхый маалымат:https://www.tourister.ru/world/asia/turkey/currency

Бул Эдил Байсаловдун жарыялаган постунун уландысы…

Бектур Базакечовдун facebook соцтармагындагы өздүк баракчасынан алынды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: