Өнөр-жай энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Дүйшөн Зилалиев жылуу креслодо жабышып олтурбай аймактарга чыгып эл менен жолугуп, текшергенди жакшы көрөт экен. Бул тууралуу ал: «Мен башкаларчылап кабинетте олтуруп алып иш бүтүргөндөрдөн эмесмин. Мен кайсы жерде кен казуу же болбосо чалгындоо иштери жүрүп жатса, ошол жердин жергиликтүү тургундары менен жолугушуп, алар менен пикир алмашам. Элге жакынмын», – дейт. Ошондой эле «Ал эми чет элдик командировкаларга акыркы 3,5 жыл ичинде 8 жолу чыгыптырмын. Чет жакка караганда региондорго 92 жолу чыгып, ар кандай митингдерде болуп кайттым», – деп билдирди Текшербекович. Чындыгында Текшербековичтин иштөө ыкмасы башка жетекчилерге да үлгү болчу иш экен. Кабинетте креслого жабышып олтурушса иш кайдан жылмак эле..
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ