Menu

Сманбековдун соргоктугун Алышбаев ачыкка чыгарды

Бөлүшүү:

Кыргыз улуттук драма театрынын мурдагы жетекчиси Марат Алышбаев президентке аталган театрдын жаңыдан иштен алынган жетекчиси Темирлан Сманбековду жоопко тартууну өтүнгөн кайрылуу жолдоду. Буга далил катары бир канча факты келтирген. Маселен, Сманбеков, Темир Сариев өкмөт башчысы болуп турганда өкмөттөн бөлүнгөн 6 миллион сомдун 1 миллион 300 миң сомун жымырып койгонун, Аскар Салымбековдон «Назарбаев» деген пьесаны койгонго демөөрчү бол деп 5 миң доллар алганын, анын да дайыны чыкпай калганын, Индия элчилигинен «Махабхарата» драмасын коюу үчүн 10 миң доллар алганын, Алматы шаарында өткөн эл аралык фестивалдан «Саманчынын жолу» пьесасы гран-при жеңип, байгеге тийген 100 миң сомдун 80 миң сомун кымырып алганын, «Түрксойдун» тапшырмасы менен «Коркут ата» пьесасы жазылып, аны коюуга деп 10 миң доллар алып, 5 мин долларын жеп койгону боюнча бир топ факты келтирген. Мындан улам, кийинкилерге сабак болуш үчүн Сманбековго чара көрүү зарылдыгын белгилейт.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 68 = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: