Menu

Ысык-Көл областтык театрын Жалал-Абаддык көрүүчүлөр жакшы кабыл алышты  

Бөлүшүү:

Бүгүн Жалал-Абад областтык Барпы атындагы кыргыз драма театрынын сахнасында Ысык-Көл областтык Касымалы Жантөшев атындагы музыкалык драма театрынын чыгармачыл жамааты драматург Жумабек Осмоновдун калемине таандык “Шабдаалы гүлү” аталышындагы спектаклин койду. Бул тууралуу шаардык мэриядан маалымдашты.

Аталган театрдын директору Курсант Абдрахмановдун айтымында, быйылкы “Ыйман, адеп жана маданият” жылынын урматына жаштарды адептүүлүккө, ыймандуулукка, маданияттуулукка тарбиялоо максатында, Ж. Осмоновдун тарбиялык мааниси өтө чоң спектаклин сахнага алып чыгышууда.

-Ушул эле спектаклди Ош шаарында эки күн койдук. Көрүүчүлөр жакшы келип беришти. Бүгүн Жалал-Абадда да көрүүчүлөр көп келишти. Келген көрүүчүлөрдү көрүп, Жалал-Абаддын жаштары спектаклди, театрды сүйөт экен, баалайт экен деп, ойлоп калдым. Бизди жакшы маанайда, колдоп тосуп алган жалалабаддык көрүүчүлөргө жана Жалал-Абад областтык Барпы атындагы кыргыз драма театрынын администрациясына терең ыраазычылык билдиребиз, – дейт ал.

Эскерте кетсек, Ысык-Көл областтык театры түштүк аймагындагы гастролун улантып, эртең Кара-Суу шаарында болот. Театрдын жамааты жылдын аягына чейин бардык областтарды кыдырып чыгуу ниетинде.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: