Оппозициянын “Элдик парламент” кыймылынын мүчөлөрүнө өкүм 20-апрелде чыгарылат. Эске салсак, 2016-жылы 12-майда УКМК “Элдик парламенттин” жетекчилерине карата “Бийликти күч менен басып алууга даярдануу” жана “Бийлик өкүлүнө карата күч колдонууга даярдануу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Алар 12 жылдан 22 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Мамлекеттик айыптоо Дастан Сарыгуловду 12 жыл, Кубанычбек Кадыровду 16 жыл, Бектур Асановду 15 жыл, Эрнест Карыбековду үй-мүлкүн конфискациялоо менен 22 жылга эркинен ажыратууну сунуштаган.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ