– Он күнгө жакын убакыттан бери изделип табылбай жаткан 11 жаштагы Асел Төрөбекова аттуу секелек кыздын сөөгү аз күн мурун Бишкектин Чоң Чүй каналынан табылганы маалым болду. Учурда кыздын эмне болуп сууга түшүп көз жумганы экспертиза тарабынан иликтенип жатыптыр. Дал ушул окуяга шайкеш, Чүйдүн Москва районундагы Беловодск айылында эки өспүрүм 2-апрель күнү түнкү саат 11лер чамасында үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз. Таенеси тарбиялап жаткан эки өспүрүм – 14 жаштагы Ислам Куттубек уулу жана 11 жаштагы Байболот Мырзабаев элдин баары уктаганда үйдөн качып чыгып кетишкен. 10 апрелде жоголгон балдар табылып, ата-энелерине берилгендигин милициядан билдиришти.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ