Menu

Маалыматтык саясат бөлүмү Атамбаев тарабынан 2002-жылы Түркиянын Измир шаарында ишканадагы өз үлүшүн сатуу келишими тууралу кошумча материалдарды берет

Бөлүшүү:

КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү Атамбаевдин 2002-жылы 27-декабрда Түркиянын Измир шаарындагы өнөр жай ишканасындагы ошол кезде өзүнө таандык үлүшүн сатуу келишими тууралу кошумча материалдарды берет. (Мурда ишкана “Gulcanlar Elektrik Elektronik Ve Mobilya Sanayi Ticaret Ltd Sti” деп аталып, ал эми 2002-жылы декабрда “ELEKTROMED ELEKTRONİK SANAYİ VE SAĞLIK HİZMETLERİ A.Ş.” деп аталып калган). Мындай маалыматты Президенттик Аппараттын басма сөз кызматы таратты.

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаев менен башкы прокурор И.Ы. Жолдубаеванын 2017-жылы 5-апрелде жолугушуусу жөнүндө пресс-релиздин текстинде бөлүм тарабынан ишкананын рыноктук наркы жана анын уставдык капиталы боюнча түшүнүктөрдү атайылап эмес чаташтыруунун, демек, негизсиз теӊдештирүүнүн натыйжасында ката маалымат кетип калган.

Анын натыйжасында пресс-релиздин текстинде А.Атамбаев өнөр жай ишканасындагы өз үлүшүн саткандан алган 35 млн чамасындагы АКШ доллары кирешеси менен катар эле анын уставдык капиталдагы үлүшү дагы ката көрсөтүлүп калган (45 млрд түрк лирасы). Буга байланыштуу бөлүм кечирим сурайт.

Бөлүм тараткан маалымат Түркия Республикасынын Соода регистринин 2003-жыл 31-январдагы тийиштүү маалымат бюллетенине негизденген, анда компаниянын уставдык капиталындагы сатылган  үлүштүн суммасы, б.а., 45 млрд түрк лирасы көрсөтүлгөн.

Дүйнөлүк да, атамекендик да тажрыйба көргөзгөндөй,  компаниянын уставдык капиталынын өлчөмү юридикалык тарапты юстиция органдарында каттоо учурунда уюштуруучулардын баштапкы гана взносун чагылдырат жана ишкананын чыныгы рыноктук баасына тикелей байланышы болбойт.

Ошентип, ишкананын каттоо учурундагы уставдык капиталы чындыгында  50 млрд түрк лирасын түзгөнүн, анын ичинен компаниянын 90 процент үлүшү, б.а., 45 млрд түрк лирасы А.Атамбаевге таандык болгонун, мына ошолор Түркия Республикасынын Соода регистринин жогоруда аталган бюллетенинде көрсөтүлгөнүн түшүндүрөбүз.

Ишкананын сатуу алдындагы чыныгы рыноктук наркы компаниянын ишмердиги учурунда сатылып алынган активдерден куралган жана уставдык капиталдын өлчөмүнөн көп эсе жогору болгон.

«Arkan & Ergin Grant Thornton»  аудитордук компаниясы өткөргөн көз карандысыз аудит  2002-жыл 31-декабрга карата ишкананын бардык активдеринин чыныгы наркы 33,7 млн АКШ долларын түзгөнүн көрсөттү. А.Атамбаев компаниядагы өзүнө таандык 90 процент үлүшүн сатуу келишими аткарылгандан кийин ишкананын рыноктук наркындагы анын үлүшүнө жараша кирешеге, б.а, 35 миллионго жакын АКШ долларына ээ болгон.


Gulcanlar Elektrik Elektronik Ve Mobilya Sanayi Ticaret Ltd Sti” (2002-жылы декабрдан тарта ELEKTROMED ELEKTRONİK SANAYİ VE SAĞLIK HİZMETLERİ A.Ş.) ишканасынын сүрөттөрү:

Ишкананын наркын баалоо документтери:

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: