Menu

Жалал-Абадда Кыргызстан менен Япониянын кызматташуусуна арналган маалымат жыйыны өттү

Бөлүшүү:

Кечээ, 12-апрелде Жалал-Абадда Кыргызстан менен Япониянын кызматташуусуна арналган маалымат жыйыны болуп өттү. Анын ишине КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, Япониянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Ёсихиро Ямамура мырза, КРнын Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Юкие Мокуо айым, республикалык жана облусттук массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Маалымат жыйынында ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев Япониянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Ёсихиро Ямамура мырзага жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Юкие Мокуо айымга облустун аймагындагы ооруканаларга жана төрөт үйлөрүнө атайын долбоорлордун алкагында заманбап медициналык жабдуулар менен аппараттарды камсыздоого жардам бергендиктери жана энелер менен ымыркай балдардын ден соолугун коргоодогу алгылыктуу иш аракеттерине терең ыраазычылыгын билдирди. Япониянын элчиси Ёсихиро Ямамура бүгүн облустук төрөт үйүнө наркы 40 миң доллар турган немец өндүрүшүнөн чыгарылган ымыркайларга жасалма дем алдыруу жана жандандыруу реанимациялык аппаратын тапшырды. Облустун аймагындагы төрөт бөлүмдөрүнө буга чейин ушундай эле реанимациялык 2 аппарат долбоордун негизинде тартуу кылынган. Мындан сырткары облустун аймагындагы саламаттыкты сактоо мекемелерин ремонттоого 113 870 доллар каражат сарпталган. Бул жабдуулар Япония Өкмөтү каржылаган “Эне-баланын саламаттыгын жакшыртуу аркылуу тынчтыкты илгерилетүү боюнча долбоордун”  алкагында ЮНИСЕФ тарабынан сатылып алынган.

ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Юкие Мокуо айым акыркы 3 жылдын ичинде Кыргызстанда 5 жашка чейинки балдардын өлүмү кескин кыскаргандыгын белгиледи. Кыргызстан дүйнөдөгү балдардын өлүмүн кыскарткан 23 мамлекеттин катарына кошулгандыгын канааттануу менен белгиледи. Бирок, Кыргызстанда  каза болгон балдардын 80 пайызы бир айлык ымыркайлар түзөөрүн, анын башкы себеби энелердин аз кандуулугу экендигин тынчсыздануу менен белгиледи.

КРнын Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев быйыл жыл аягына чейин Жалал-Абад облусунда  заманбап кардиология борбору ишке киргизилээрин, облустук төрөт үйү толук капиталдык ремонттоодон чыгарыларын жана Жалал-Абад облустук биргелешкен ооруканасында Германия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып жаткан экстрендүү хирургия кабыл алуу бөлүмү ишке киргизилээрин белгилеп кетти. Маалымат жыйынынын жүрүшүндө анын катышуучуларына массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү тарабынан берилген көптөгөн суроолорго толук кандуу жооптор алынды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: