Menu

Жогорку Кеңеште КТРКнын Байкоочу кеңешинин ишине карата сын-пикирлер айтылды

Бөлүшүү:

Кечээ, 12-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында 2016-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын иши тууралуу Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчету каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин төрайымы Жылдыз Бакашова 2016-жылы КТРКнын Байкоочу кеңеши тарабынан жүргүзүлгөн иштерди тизмектеп берди.

Суроо-жооп маалында депутат Айнуру Алтыбаева үй-бүлө институтун сактоо, даңазалоо боюнча маанилүү, толук кандуу берүүлөр болбогондугун белгиледи. КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков өткөн жылы жай мезгилинде мониторинг жүргүзүлүп, үй-бүлөгө байланыштуу теле берүүлөр кеткендигин, андан кийин үй-бүлө темасындагы берүүлөрдүн саны көбөйгөндүгүн жооптоду. Депутат Жанарбек Акаев Байкоочу кеңештин берген отчетунда КТРКнын жасаган иштери, чарбалык маселелери гана тизмектелип, иште кетип жаткан кемчиликтер боюнча Байкоочу кеңештин чаралары айтылбаганын сынга алып: “КТРКда бүгүн курч журналистика жок”, -дейт.

“Байкоочу кеңеш өз миссиясын аткара алган жок”,- деген депутат Аида Салянова элге маалымат берүү бир тараптуу кетип жатканына Байкоочу кеңеш таасир эте албаса, анда Байкоочу кеңештин кереги барбы деген суроо койду.

КТРК маалымат таркатууда калыстыктан тайгандыгын белгилеген депутат Каныбек Иманалиев Байкоочу кеңештин ишине начар деген баа берди.

Ал эми депутат Элвира Сурабалдива КТРКда дары-дармек менен камсыздоогу алешемдиктер, онкология, жараксыз эттердин сатылышы жаатында, коррупциялык көрүнүштөр боюнча маанилүү көйгөйлөр көтөрүлгөндүгүн алгылыктуу иш катары белгиледи.

2016-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын иши тууралуу Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчету боюнча Жогорку Кеңештин токтом долбооруна эртең, 13-апрелде добуш берилмей болду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: