Menu

Жалал-Абадда өзгөчө кырдаалдар жана диний экстремизм менен терроризм маселеси талкууланды

Бөлүшүү:

КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча Координациялык кеңешмеси болуп өттү. Анын ишине Ноокен, Базар-Коргон, Сузак райондорунун акимдери, Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри, облустук мекеме-уюмдардын жетекчилери, облусттук казыяттын жана райондордун имамдары катышты. Координациялык кеңешменин жыйынынын ишин  ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев алып барды. Бул туурасында өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Жалал-Абад облусундагы өзгөчө кырдаалдар жана анын алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер туурасындагы КРнын ӨКМнин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын башчысы Абдышарип Бекилов кенен баяндама жасады.

-Жалал-Абад облусунда 2017-жылдын 12-апрелине карата 135 жолу чоң табигый кырсыктар катталды. Анын ичинен 111 өзгөчө кырдаалдар катталып, андан улам 4 адамдын өмүрү кыйылды. Мунун ичинен 66 жер көчкү, 58 кар көчкү, 8 калың кар жаады, 1 таш кулоо жана 2 сел алуу учурлары катталды. Анын натыйжасында жалпы келтирилген зыяндын өлчөмү 15 481 388 сомду түздү. Облустун аймагында учурда 500гө жакын жер көчкүлөрү кооптуу абалда турат. Мунун ичинен бүгүнкү күндө 66 жер көчкүлөр түшүп, 42 жер көчкүлөрү өзгөчө кырдаал катары катталды. Түшкөн көчкүлөрдүн жалпы көлөмү 70 458 200 метр кубду түздү.

2017-жылдын 1-январынан баштап, 28-февралга чейин  жергиликтүү бийликтер, өзүн-өзү башкаруу органдары менен айыл башчылары тарабынан кайрадан жумуштар алынып барылгандыгынын натыйжасында Жалал-Абад облусунун аймагындагы табигый жана техногендик кырсыктардан жабыр тартып, көчүрүүгө сунушталган үй-бүлөлөрдүн саны 1994-2017-жылга чейин 3138 үй-бүлө аныкталган. Мунун ичинен 1349 үй-бүлө коопсуз аймактарга көчүрүлгөн. 507 үй-бүлө мамлекеттик жардамдарды албаган жана көчүрүлгөн эмес. Ал эми 1282 үй-бүлө мамлекеттен жардамдарды алышып, кайрадан эски ордуларына көчүп келип алышкан. Жалпысынан 1526 үй-бүлө көчүрүлбөгөн. Көчүрүлбөй жаткан үй-бүлөлөрдү жергиликтүү бийликтер тарабынан көчүрүү жумуштарын жүргүзүү үчүн КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан укуктук баа берүүгө көмөк көрсөтүү максатында Жалал-Абад облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди,- деди КРнын ӨКМнин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын башчысы Абдышарип Бекилов.

Координациялык кеңешмеде диний экстремизм менен терроризм жана анын алдын алуу маселеси дагы каралып талкууланды. Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган “Ислам мамлекети”, “Джабхатан Нусра”, “Жаннат ошиклары” жана “Катиба Аль Имам аль бухари” сыяктуу диний агымдардын социалдык желелер аркылуу жаштарга таасир этүү аракеттери тынбай жүрүп жатат. Мындан сырткары Сузак районунда  Сириядагы согушка үндөп жүргөн жаран укук коргоо органдары тарабынан кармалган. Жалал-Абад шаарынын борбордук көчөлөрүнө, базарлар менен автобекеттерге видео байкоочу аппараттарды коюунун зарылдыгы келип жетти. Жалал-Абад облустук казыятынын Фатуа бөлүмүнүн башчысы Бакытбек Түнгатаров казыяттын кызматкерлери  жана райондогу имамадар тарабынан тынчтыктын жана ортомчулуктун таза дини болгон Исламдын баалуулугу туурасында жума намаздарында атайын түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгына токтолду.

-Диний экстремизм менен терроризмге каршы калк арасында кеңири түшүндүрүү иштерин алып барууда имамдар тарабынан толук кандуу иштер жүргүзүлүп жатат. Мэрлер менен акимдер, айыл аймактарынын башчылары бул багытта жетишээрлик иштерди жүргүзбөй жатасыздар. Жергиликтүү бийликтин башчылары прокуратура жана укук коргоо органдары менен биргеликте мектептерде окуучуларга жана айылдарда элге кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү колго алгыла. “Сен мага тийбе, мен сага тийбеймин” деген тар түшүнүктөн алыс болгула. Бул имамдардын иши деген жаңылыштык. Диний экстремизм менен теорроризмге каршы калк арасында кеңири түшүндүрүү иштерин атайын графиктин негизинде иш-чара түзүп, аны аткарууну камсыз кылууну Сиздерге тапшырма жана милдет катары коёмун. Бул тапшырманы аткарбаган жетекчилерге алардын кызмат ордун кароо маселесин коёмун,- деди ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев.

Координациялык кеңешмеде каралып талкууланган маселелер боюнча кошумча киргизилген сунуштардын негизинде чечимдин долбоору кабыл алынды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − 29 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: