Menu

Илим Карыпбеков менен Эмилбек Каптагаевдин кайым айтышы

Бөлүшүү:

Урматтуу Эмилбек Саламатович!

Ыссык-Көл облусунун губернаторлугунан кеткенден бери ушу Фейсбукта, башка социалдык тармактарда КТРКны эле эмес, жеке мени сындап эле келе жатасыз. Жөн сындаган жоксуз. Шалбыратып эле жамандап, чукулап, тийишип келе жатасыз. Бир сөз кайтарган жокмун, себеби улуусуз, агайсыз, сыйладым. Бүгүн жооп берүүгө учур келди окшойт.

Сиз ар-заманда бийликтин ар-кандай бутактарында иштеп келдиңиз. Жөн кызматтарда эмес, өтө жооптуу, өтө бийик кызматтарда иштедиңиз. Кызматтан бошоп калган учурда оппозиция, калыс, ак адам боло каласыз. Кызматта отурганда унчукпайсыз. Бүгүн “мен кызматта отурганда мындай ыплас иштерди кылчу эмесмин, аппак иштерди кылчумун” деп социалдык тармактын колдонуучуга жооп берип жатасыз. Улам улам мага эскертүү кылып эле 2010 жылы “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолорунда” кезигишип бетме-бет сүйлөшкөнүбүздү айтып келесиз.

Эмилбек Саламатович! Мен сиз менен 2010 жылы гана эмес, сиз Президент Роза Отунбаеванын Аппарат жетекчиси болуп турганда, мен жумушсуз кезимде дагы бир эмес кезиккенбиз. Ал жерде дагы сиз тараптан көп сөз айтылган, талап коюлган, ар-кандай иштер кылынган!!! Алардын бардыгын дагы айтчу кезек, убакыт келет сөзсүз Кудай буйруса. Кыскасы айтайын дегеним, карапайым эл сындап, кемчилигибизди көзгө айтып турса жарашат. Бирок сиз экөөбүздүкү жарашпаарын сопсонун билесиз. Бири бирибиздин кылык жоругубузду жакшы билген соң, жөн эле бир заматта таза боло калып бет тырмоочулук кылып, элге уят болбой эле коелучу агай.

Урматым менен, Илим Карыпбеков.

 

Илим!

«ар кандай сөздөр айтылган, ар кандай иштер жасалган» деп жылаандын башын чыгарымыш болбой эле ачык эле айтчу нерсе болсо айтып, жазчу нерсе болсо жазып койбойсуңбу, убагы келет деп отурбай. Убагы ушул эле го дейм. Дагы бир жолу айтам, мени менен сенин ортобузда уят болчу эч нерсе жок, корко турган да эч нерсем жок. Эч качан бет тырмоочулук кылган эмесмин, кылайын деген да ниетим жок»

Эмилбек Каптагаев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 + = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: