Menu

Дастан Жумабеков алдындагы зор миссиясынын акырына чыкса болду

Бөлүшүү:

Парламент депутаттары тарабынан соңку жылдары Бишкектин айланасындагы айыл чарба багыты менен сатылган жерлерди трансформациялоо боюнча көйгөй маал-маалы менен (шайлоо астында гана) көтөрүлүп калат. Шайлоо бүтөр замат бул маселеге кайрылмак тургай, эстегенди деле унутуп коюшат. Акыркы бир жылдан бери бул маселеге Дастан Жумабеков, Максат Сабиров өңдүү депутаттар батыл киришип, көйгөйлүү ишти өкмөттүн кароосуна жөнөтүштү. Маселеден кабардар болгон Маевкадагы (Махатма Гандини бойлой жайгашкан) айыл чарба багыты менен сатып алышкан жерлерин трансформациялоо үчүн карапайым эл гезит аркылуу бул маселени депутаттардын кароосуна коюшубузду өтүнүшүүдө. Башкы демилгечи Дастан Жумабеков бул маселени көз жаздымда калтырбаса, карапайым элдин көйгөйүнө ортоктош болуп, өкмөт менен биргеликте баштаган ишин ара жолго таштабай, акырына дейре чыгарса, чыныгы эл өкүлчүлүк миссиясын аткарат беле? Анда эле жүздөгөн турак жайга муктаждардын сообуна калып, элдин чыныгы уулу экенин далилдемек. Жумабековдордун династиясы эл үчүн эбегейсиз иштерди кылмай жагынан үлгү болушчу эле, бул сапар да эстүү жигит Дастакенин демилгесинен үмүт кыла туралы.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − 25 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: