– Зиядин Исламович, кеңешме учурунда сиз «дыйкандарга беш пайыздык кредиттерди бергенге мүмкүнчүлүк бар» деп айттыңыз. Мисалы, кайсы булактардын эсебинен?
– «Кыргыз-орус» фондусунда 5 млн. бериле турган акча портфели бар. Алар 1 миллиондон жогору көлөмдөгү акча каражаттарын соода борборлоруна 5% менен берип жатпайбы. Аны түзгөндөр балким, беш эле адамдыр. Керек болсо бир эле адамдыкы болушу мүмкүн. Ошолор 15-20 млн. доллардан кредитти алып жатышат. А бей-бечаралар ала алышпайт. Эмне үчүн биз ошол акчаларды 5 пайыз менен дыйкандарга бербейбиз? Дыйкандар 10 пайыз менен алып, 99 пайыз учурларда кайтарып жатышат.
– Бирок, каржы министри «5 пайыз менен бергенде башка банктар «отуруп» калат» деген аргументти келтирди го?..
– Биз эч качан дыйкандарды башка ишкерлер менен салыштырбашыбыз керек. Дыйкандарга жеңилдиктерди бербесек, жер-жерлердеги миграция токтобойт. Бүгүнкү күндө үлүшкө берилген канчалаган жерлер айдалбай «кысыр» калууда. Себеби, ошол жерге акча каражаты жумшалбай жатат да. Эгер биз сууларды чыгарып, жаңы сугат жерлерди пайда кылып, дыйкандарга жеңилдетилген кредиттерди бере турган болсок, мен ойлойм, Россияга, Казакстанга кетип жаткан мигранттарыбыздын агымы токтойт эле. Биз өзүбүздүн дыйкандарды колдоо менен бул жерде жумуш орундарын камсыз кылат элек.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ