Menu

Салык кызматындагы “сөгүп” өстүрүү

Бөлүшүү:

Былтыркы жылы Кыргызстандын Салык кызматы пландагыдан 4 млрд. 600 миң сомго салыкты аз чогултуп, анын айынан бюджеттин  киреше булагы оңбогондой алсырап, Өкмөт “өлбө жаным өлбө” болуп, жаңы жылдын босогосун аттаган.  Бул боюнча Жогорку Кеңеште чоң жыйын өтүп, депутат Алтынбек Сулайманов  “кечээ 2 млн. сом салыктын планы чыкпай калган үчүн Ахматбек Келдибеков соттолуп кеткен” деп,  ишти аткара албагандарды кызматынан эле алып тим болбой, жоопкерчиликке тартууну сунуш кылган эле.

Бизге жеткен маалыматтар боюнча, мындан соң салык кызматындагы 11 башкармалыктын жооптуу жетекчилерине сөгүш берилген. Бирок, бүгүн ошол сөгүш алгандардын арасынан кай бирлери жогорулап жатканы бизди кызыктырууда. Мисалы, ошол салыкты эң аз чогулткан Бишкек шаарынын Свердлов райондук салык башкармалыгын начальнигинин орун басары Рустам Абдырахманов жакында начальник болуп дайындалды. Ал быйылкы жылдын 3 айында да салыкты аз жыйнаганы тармактын сайтында бакырайып жазылып турат. Ошондо кайсы эмгеги үчүн чоңойгону табышмак. Же мамлекет үчүн иштебей, “чөнтөгүнө” иштеп, ошонун жардамы менен жогорулап жатабы? Суроого өзү жооп берээр…

Булак: “Алиби”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 73 = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: