Menu

Аппарат алапайын таппай…

Бөлүшүү:

Буга чейин жазылгандай, Президенттин “2003-жылы эле Түркиядагы ишканамды сатып,  35 млн. долларлуу болгонмун” деп, байлыгынын төркүнүн айтам деп, төгүнгө чыгарып алганы бар. Жарандык активисттер жабыла эсептей салып, ал жылдары Түркиянын улуттук валютасынын курсу өтө төмөндөп кеткенин, так статистикалык маалыматтарга ылайык, Алмазбек Атамбаевдин саткан ишканасы түрк лирасы менен 45 млрд. болгондо АКШ валютасы менен болгону 27 миң болоорун айтышты эле, Атамбаевдин айланасы айласын таппай калды. “Акактаган” маалымат кызматы, эки күн бою эси эки болуп, аягында күлкү келээрлик шылтоо менен “ачылып калган айыбын” жабууга аракет жасады. Эгер алардын жүйөөсүнө ишене турган болсок, кашайгырдыкы, маалымат катчылыгы ММКларга маалымдама жазып жатканда жаңылышып кетип, туура эмес сандарды бадырайта жазып алыптыр!

Албетте, бир чети күлкүң, бир чети ыйлагың келет. Бакандай өлкөнүн башчысын калп сүйлөтүп, болгондо да башкы прокурордун алдына “жалган маалыматтарды” жазгандыгы үчүн бул кызматчыларды жоопкерчиликке тартыш керек го? Аларга Президенттин аброю, бедели баары бир болсо, бизге баары бир эмес! Эл башчыны ушинтип эле эл алдында уят кыла беришкени туура эмес да, туурабы?

Булак: “Алиби”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 10 = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: