Menu

Кожобек Рыспаев эмне, эл ишениминин барометриби?

Бөлүшүү:

Саясаттагылар өзүнүн атын, кадыр-баркын сактап, коомчулук арасында төбөсү көрүнүп турушу үчүн дайыма аракетте болушат. Бирок, алардын ишмердигинде айырмачылыктар бар. Мисалы, кээ бир саясатчылар коомчулук менен тыгыз байланыш түзүп, эсте калаарлык билдирүүлөрдү жасап, ораторлугу менен айырмаланса, кээ бири мыйзам жазуу жагынан алдына киши чыгарбайт. Ошол эле маалда, бийликти сындап таанымал болгондор, элдин керегине жарап, миллиондогон каражатты капчыгынан чыгарып, садага чаап, атын чыгаргандар да жок эмес.  Кээде айрым саясатчылар “эл эмне дейт?” деген суроо менен баш оорутпай эле, өзүнөн жогору тургандарга жагынып, “ошолорго жакшы көрүнсөм болду…” дешет. Мисалы, учурда КСДП партиясынан Жогорку Кеңеште депутат болуп отурган Кожобек Рыспаевди ушундай саясатчылардын тобуна кирет деп тартынбай эле айтууга болот.

Ток этээрин айталы, кечээки 7-апрель ыңкылабынын алдында Кожобек Жайчыбекович адатынча учурда эл оппозиция өкүлдөрүнө ишенбей турганын, анткени, алар таза эместигин, алар кызматка илинбей, шайлоодон өтпөй калгандар экендигин бакылдап жар салды. Ошондой эле сөз эркиндиги эч кандай кысымга учурабай эле турганын да кошумчалап өттү журналисттер каалаган темасын каалагандай жазып жатканын бажара кетти. КСДПчы депутаттын бул айткандарына чекесинен жооп кайтарып көрөлүчү.

Биринчиден, депутат бул сөздү айтууда элдин ишенимине мониторинг жүргүзгөн кайсы бир иликтөө-изилдөөлөргө шилтеме жасаган жок. Анда ал качантан бери эл менен бийликтин мамиле-маанайын ченеген барометр болуп калды экен?  Кайсыл далилдерге таянуу менен минтип айта алат? Эл арасынан угуп-көргөнүн айтты го дейли десек, ал эл менен камыр-жумур болуп, жөө-жалаңдап жүргөнүн уга элекпиз. Тескерисинче, парламентте депутаттын статусу тууралуу маселе каралып жатканда кол тийбестикти жана депутаттардын унааларын алууга каршы чыгып, “велосипед менен баратсаң, таш менен бирөө чаап кетсечи?” деп коомчулукту ирээнжиткени алигиче эсибизде.

Экинчиден, Кожобек Рысбаевдин бүгүн 7-апрелди майрамдап, азыркы бийлик менен бакиевчил бийликти салыштырып, оппозицияга жугунду куюуга канчалык моралдык жактан укугу бар? Анткени, ал КСДП Акаев, Бакиев режими менен кармашып,лидерлери куугунтукка кабылып, депутаттары милициядан таяк жеп жүргөн маалда бул партияга кошулмак тургай, андан жаа бою качып турганы маалым. Акаевдин жакындары башкарган Ош базарында жерге ээ болуп, соодасын жасап, оокатын кылып жүрчү. Кийин, Бакиевдердин  ташы тик өйдө көтөрүлүп турган маалда Кожокең  Ооганчылардын Союзу аркылуу генерал Жаныш Бакиев менен жакын мамиледе болуп, кыйла оңолуп алганын өзү деле танбас.

Андан кийин Феликс Куловдун “Ар-Намыс” партиясынын туусун желбиретип, Жогорку Кеңешке депутат болуп келип отуруп калды. Соңунда гана Феликс аксакалдын саясий ресурсу түгөнүп баратканын сезди да, КСДП партиясына өтө качты. Мына ушундай өтмүшү менен бүгүн депутат болгон адамдын бийлик менен оппозициянын ортосуна чок салып, элдин атынан сүйлөп турганына жол болсун?

Эми анын парламенттеги депутаттык ишмердигине келели.  Кызыгы, эл өкүлүнүн энергетика же тоо-кен боюнча кесиптик иш тажрыйбасы жок. Өмүр баянында ал Фрунзе техникумунан товар таануучулукту окуп, кийин Политехникалык иснтитуттун Кызыл-Кыя филиалынан тоо кен инженери адистигин алганы айтылат. Андан соң, кийинки кездери итибай-чотубайлардын баары алууну модага айландырган юристтик жогорку дипломго да ээ боло калыптыр. Ошентип да, аны мурдагы чакырылышта партлидер Феликс Кулов өзүнүн кызыкчылыктарына жараша ЖКнын Отун-энергетика комплекси жана жер кыртышын колдонуу боюнча комитетине башчы кылып дайындатат.

Энергетика жана тоо кен тармагы Кыргызстандагы эң кирешелүү, эң келечектүү жана  маанилүү, инвестиция тарта турган, бюджетти толтура турган стратегиялык тармак эмеспи. Мындай жооптуу жерге тажрыйбасы мол, такшалган, тармактын күңгөй-тескейи менен тааныш, күчтүү депутат келиши керек болчу. Кесиптештери кайсы критерийлердин негизинде экени белгисиз, бирок тилалчаак, сылык-сыпаа, мыкты аткаруучу катары аны тандап алды. Эки чакырылышта тең! Күтүлгөндөй эле анын комитет башчы катары ишмердиги бир ууч бийлик эшалонундагылар үчүн пайдалуу болбосо, эл үчүн жарк эткен жаңы реформалык иштер жасалган деле жок. Эң кирешелүү эки тармакта коррупция азайбады, Кумтөрдү реструктризациялоо ишке ашпады. Энергетика тармагы, 2016-жылы 9 миллион сом  көрсөтүлгөн ченемден артка жылды жыйынтыктаса, жаңы ишке киргизилген алтын кендеринен бюджеттин кемтиги толгонун көрө алган жокпуз. Бир кездери бийлик “ширшовдун схемасы” деп кыйкырып жүрчү көмүскө схемалар бүгүн да күрдөөлдүү иштеп, эл 2, 16 сомдук электр тарифинен кышы менен каржалып, колу-бутун жакчудай болуп отурду. Ошону менен өзүбүздөн чыккан көмүр менен камсыздоо кетенчиктеп, кымбатчылык, каатчылык каптап, кышында кылтыраган нарындыктар митингге чыгып жатканын ким калпка чыгарат?  Андыктан абал мындай болуп жаткан соң, Кожобек Жайчыбекович боюнан ашык секире бербей, “жылкысына карап ышкырып”, энергетиканын эсебинен байыгандардын жолу менен “жорголой бербей”, идиректүү бир иш кылып, элдин ишенимин жаратса болмок…

Ал эми анын парламенттеги депутаттардын кирешесин ачыкка чыгарууга каршы чыккан билдирүүлөрүн, ММКлардын ишмердигине чектөө киргизүүчү мыйзамды токуй салып, “давно болтается” деп жүргөнү, бир туугандардын мамлекеттик жогорку кызматтарга барышына бөгөт койгон мыйзамга каршы чыкканы, ЖКнын аппаратын кыскартууга так секирип каршы болгону, жада калса КРнын Гимни ырдалып жатканда колду көкүрөккө алууга да  кежигеси кер тартып, каршы чыкканы тууралуу айсак, гезит бети түтпөс.

Ошентип, Кожобек Рыспаев депутаттык иш сапарларынын биринде кыргыз парламентарийлерин сөзгө калтырганына карабай, Күмөндөр Абыловду туурап көпчүлүктүн башы кошулган жерде куудулданымыш болуп, бирок, иш жүзүндө, энергетика, тоо кен тармагына өз балдарын акырындап отурукташтырып жаткандыгы көптөргө “секрет” эмес. Бул жагынан “бирөөнү” жазбай тартыптыр…

Тынчтык Алтымышев

Булак: “Алиби”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: