Кыргыз Республикасына кечээ, 13-апрелде Молдова Республикасынын Президенти Игорь Додон, Армения Республикасынын Президенти Серж Саргсян, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко жана Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин келди. «Манас» Эл аралык аэропортунда аларды Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.
Бул өлкө башчылары бүгүн, 14-апрелде Бишкекте өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн келишти.
Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны Кыргыз Республикасынын 2017-жылы Евразия экономикалык кеңешинин органына төрагалык кылуусунун алкагында өтөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ