2002-жылы Корея мамлекетинин Пусан шаарында Азия оюндары өтүп, Кыргызстандан барган жөө күлүк кызыбыз Татьяна Борисова 1500 метр аралыкка чуркоодо марага экинчи келип, күмүш медалды жеңип алган. Анткен менен алтын медалды жеңип, Азия оюндарынын чемпиону аталган индиялык каратору кыз Суните Раниден нандролон аттуу кызытма табылып, чемпиондук наамды шыпыра чаап, биздин желтаман кызыбыз Татьянага оңдой берди болуп ыйгарышкан.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ