Menu

Айкөл Манастын эстелигин тургузуп, бирок акыбызды ала албай келебиз

Бөлүшүү:

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаевге!

Урматтуу Абиш Алыбаевич!

Өзүңүзгө белгилүү, өткөн жылдын 6-августунда Кызыл-Кыя шаарында Айкөл Манастын 17 метрлик айкели орнотулган. Анын ачылышына облустук, шаардык масштабдагы бир топ жетекчилер катышып, бул Кызыл-Кыя шаары учүн эле эмес, жалпы облус үчүн чоң окуя болгон. Бирок өкүнүчтүү жери, айкелди жасоого катышкан сегиз скульптор алиге чейин таман акы, маңдай тер акыбызды ала элекпиз.

Окуянын кыскача таржымалы мындай. 2015-жылы Кызыл-Кыя шаарына Манастын эстелигин орнотуу боюнча тендерге биз да катышып, утуп алганбыз. Заказчы Кызыл-Кыя шаарынын муниципалдык башкармалыгы болгон. Бирок, банкта менин өздук эсебим жок болгондуктан, «Логострой сервис» фирмасы менен келишим түзүп, иш жүргүзгөнбүз. Ошентип, алты айга жакын иштеп, айкел даяр болду. Ал шаарга орнотулду. Бирок, келишимде көрсөтүлгөн акыны алууга келгенде «атаңа бар, энеңе бар» мамиле башталды. Кызыл-Кыя шаарына караштуу муниципалдык менчик департаментиндегилер «акчаңарды которуп бергенбиз» дешсе, «Логострой сервис» фирмасындагылар «которгон жок» дешет. Айтор, орто жолдо биз, айкелди жасагандар азап тартуудабыз. Акыры айлабыз кеткенде ЖМК аркылуу сизге кайрылып отурабыз. Таман акы, маңдай тер эмгек акыбызды алууга жардам берсеңиз. Эгер жардам болбосо, республикалык укук коргоо органдарына (башкы прокуратурага, каржы полициясына), Жогорку Кеңешке жана президентке кайрылууга аргасыз болобуз.

Урустамбек ПАЗЫЛОВ, улуттук көркөм сүрөт академиясынын скульптура кафедрасынын башчысы

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: