Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун кабыл алууда системалык түрдө даярданып барбагандыгы жана өзүнүн милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Түменбаев Баккельди Рахимовичке сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын ӨкмөтүнүнАппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ