Menu

Кубатбек Боронов, КР өзгөчө кырдаалдар министри: “Жети өкмөт алмашты, бир да жолу кызматымда калууну суранган жокмун”

Бөлүшүү:

– Кубатбек мырза, жаздын келиши менен табигый кырсыктардын саны арбып атканы байкалууда. Канча өзгөчө кырдаал катталды, андан каза тапкандардын санын айтсаңыз?

– Быйыл дүйнө жүзүндө табигый кырсыктардын саны көп болуп жатат. Башка мамлекеттерде жүздөгөн адамдардын өмүрүн алып кетүү менен коштолууда. Биздин өлкөдө үч айдын ичинде 167 табигый же техногендик өзгөчө кырдаалдар катталды. Булардын 96сы кар көчкү болсо, 40 чактысы жер көчкү катары катталды. Айталы, жылдагыга салыштырмалуу быйыл жер көчкү эрте башталды. Акыркы 25 жылдан бери мындай болгон эмес. Ири жол кырсыктары дагы көбүрөөк болуп кетти. Мисалы, 39 адам авиакырсыктан, 11 адам кар көчкүдөн, 10 адам жол кырсыгынан каза болушту.

– Негизинен ушул кырсыктар боюнча анализ жасап, алдына алуу менен иштесеңиздер болот беле?

– Быйылкы кыш абдан оор боло турганы боюнча ММКлар аркылуу элге, жергиликтүү бийликтерге, тиешелүү мекемелерге маалыматты берип турдук. Уюлдук телефон аркылуу смс билдирүүлөрдү тынымсыз жөнөтүп, коопсуздукка колдон келишинче кам көрүп аттык. Кар көчкүлөрдөн тогуз жолу мажбурлап түшүрүү иши жүрдү. Дамбаларды куруу, дарыялардын жээгин бекемдөө иштери жүргүзүлүп келет. Кырсык болуп кетүүсү мүмкүн болгон аймактардагы айрым адамдардын кайдыгерлигинин аркасында көп жоготуулар катталганы ырас. Кооптуу аймактардагы жарандарды зордоп көчүрүүгө негизинен мыйзам жол бербейт да. Түшүндүрүү иштерин жүргүзсөк, кээ бир жарандар өтүнүчүбүздү аткарбайт. Бул иш жергиликтүү бийликтин иши. Участокторду жергиликтүү бийлик бергендиктен, ошолор кайра алып, коркунучу жок аймактарга көчүрүүнү демилгелесе жакшы болот эле. Баарыбыз күбө болгондой, Өзгөн районунун Ичке-Сай айылында жер көчкү бир үй-бүлөдөн алты адамдын өмүрүн алып кетти. Өтө өкүнүчтүү көрүнүш болду. Айтмакчы, бул үй-бүлө 1996-жылы кооптуу жайдан көчүрүлүп, тиешелүү жардамды алган экен. Бирок, 2010-жылы «ата конушубузда эле жашайбыз» деп, кайра мурдагы жагына барышат да, жаңы үй салуу менен кирип алышыптыр. Кырсык болордон бир күн мурда бир тууган агасы келип, «көчүрүп кетейин» десе да болбой коюшат. Ушундай эми. Аныгында, жер көчкүгө тиешелүү маселелердин баары кайдыгерликтин айынан болууда.

– Куткаруу иштеринде колдонулуучу техникалардын, ошондой эле кызматкерлердин саны жетиштүүбү?

– Бизде техникалык мүмкүнчүлүктөр абдан оор. Акыркы жолу 2008-жылы техникаларыбызды жаңылаганбыз. 2010-жылы деле «абдан зарыл» делген техникадан он чактыны алдык, бирок жалпы республикабыз үчүн бул жетишсиз, Билесиңер да, биздин техникалар жыл бою суунун ичинде, же баткак казып иштегендиктен эрте керектен чыгат. Ошол 2008-жылы алган техникалардын абдан эскилиги жетти. Мындай абалыбызды өкмөт башчыбыз да жакшы билет. Бул боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө, буюрса быйыл техникаларды жаңыртуу үчүн акча бөлүнгөнү турат. Ал эми кызматкерлердин саны жетиштүү.

– Өлкөбүз боюнча алганда, табигый кырсыктар болуп кетүүсү мүмкүн болгон кооптуу аймактар кайсылар?

– Кар көчкү көп катталган кооптуу жерлерге келсек, мисалы, Токтогул, Кара-Кулжа, Алайкуу, Чоң-Алай аймактарын айталы. Жер көчкү Жалал-Абад, Ош облустарында байма-бай болуп турушу боюнча маалыматтарыбыз бар. Суу ташкындары республикабыздын баардык аймактарында катталат. Чүй, Талас, Ысык-Көл облустары суу ташкындын орун алышы жагынан белгилүү. Кыскасы, жаратылыш коркунучтарына колдон келишинче каршы туруп, болгон иш-аракеттерибизди жүргүзүп келебиз.

– Ошол кырсык болгон аймактарга куткаруу кызматы менен катар өзүңүз да барып, жеринен таанышып жүргөнүңүздү көп байкайбыз. Бул сиздин мыкты иштегениңизби, балким жөнөкөйлүгүңүз?..

– Кырсык болгон жерге менин барышым деле кажет эмес, бирок министр катары мен барсам, айрым чечилбей жаткан маселелер тез чечилүүсүнө шарт түзүлөт. Куткаруучулар мен жок деле өз милдеттерин так аткара билишет. Негизинен кырсык болгон аймактарда мамлекеттик жана мамлекеттик эмес органдар айрым маселелерге кенебестик менен мамиле кылышы мүмкүн. Эл карайлап турган кезде тез аранын ичинде чечиле турган көйгөйлөр болуп калышын дагы унутпайлы. Ошондой кырдаалда министр оор жоготууларды өз көзү менен көрүп, аралашып жүрсө, маселе толук кандуу чечилүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт да.”

– Айрым учурда болуп өткөн кырсыктар да саясатташып кетүүдө. Мындан кантип сактанасыз?

-Кырсыктар боюнча талаш-тартыштар саясый деңгээлге чейин көтөрүлүп кеткенде, мен катышпаганга аракет кылам. Себеби, ал менин ишим эмес. Менин ишим көзү карайлап, жардамга муктаж болуп турган жарандарга камкордук көрсөтүп, куткаруу иштерин жүргүзүү. Биздин кызматкерлердин көбү аскер адамдары болуп саналат. Мыйзам боюнча аскер кызматкери саясый иштер менен алектенгенге жол берилбейт.

– Дача-СУга жардам катары чогултулган акча боюнча да ар кандай пикирлер айтылып жатпайбы, «кымырып алышты» дегендей шектүү суроолор жаралып…

– Ооба, «Дача-СУга чогулган 100 миллион акчанын 9 миллионун ӨКМ алып алыптыр» деп чыгышпадыбы. ӨКМ акчанын бир сомун да алган жок. Кырсыктан каза болгон адамдардын туугандарынан түзүлгөн 35 адамдан турган комиссиялык топ бар. Алардын ичинен мүчө болгон ондон ашык киши акчаны бөлүштүрүү иштерин жүргүзөт. Кудай сактасын, биздин тиешебиз жок.

– Ар кандай саясый кырдаалдарга карабастан, интригаларга баш ийбестен, көп жылдан бери туруктуу иштеп келе жаткан министр катары сизди көрдүк. Сыры эмнеде?

– Бир кызматта узак иштеш үчүн таза, милдетинди так аткаруу керек го. Мен эч бир саясый партияда жокмун. Саясатка аралашпаганга аракет кылам. Мен ӨКМга министр болгондон бери жети жолу өкмөт алмашты. Бирине да барып суранып же тааныш-билиш кылып ордумда калган жокмун. Туура иштесең, ак жүрөктүүлүк менен кызмат кылсаң, ошондо гана жогору жактан адилеттүү чечим болоруна ишенем. Кээ бир өкмөт башчылар кетип, кайра жаңысы келип аткан учурда мен иш сапарым менен чет өлкөдө болуп калган учурларым да кездешкен. Командировкада жүрүп, өкмөттүн курамында бар экенимди интернеттен окуп калып, ишимди улап келе жатам (күлүп). «Кыңыр иш кырк жылда» дечү эле, азыркы заманда кырк саатта эле билинип калат. Менин эң башкы максатым -элибизге ак кызмат кылуу, таза иштөө. Айрым депутаттар «Боронов унчукпай айтканды аткарып жүрө берсе, көп иштейт да» деп чыгышыптыр. Азыркы учурда парламенттин деңгээли кандай экенин билесиңер, мен жамандабайм, аныгында, саясый кызмат менен аткаруу кызматынын айырмасын билбеген депутаттар да бар. Мен аткаруу кызматындамын. Менин ишиме саясатка аралашып отуруунун кажети жок.

– Саясатчы досторуңуз көппү?

– Саясатта жүргөн жолдоштор көп. Депутат достор менен да айрым маселелер боюнча пикир алышып, жакшы мамиледе жүрөбүз. Бирок дос дегендин орду башка. Саясатчылардан «бул менен эң жакын досум» деп бирөөнү да атай албайм го…

– Айрым лидерлер партиясына чакырышабы?

– Мурда «партияга кел» деп чакыргандар көп болгон. Акыркы кездерде мен эч бир партияга кирбесимди баары эле билип калды, сунуш кылгандар жок.

– Министрлик кызматтан кийин өзүңүздү кайсы чөйрөдөн көрөсүз?

– Балким ошондо саясатка барам. Тажрыйбам жетиштүү, Кудайга шүгүр. Саясый ишмердүүлүк боюнча келечегибиз али алдыда.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: