Menu

Нарын мамлекеттик университетинин жетекчилиги Борбордук Азия Университетинде иш сапар менен болуп кайтты

Бөлүшүү:

С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин жетекчилиги Борбордук Азия Университетинде иш сапар менен болуп кайтты. Бул туурасында КР Билим берүү жана Илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Иш сапар учурунда Борбордук Азия Университетинин Гуманитардык жана так илимдер мектебинин деканы Диана Пауна, аталган мектептин деканынын орунбасары Бернадет Дин жана студенттердин иштери боюнча менеджер Эрик Краус менен жолугушуу өткөрүлүп, эки университеттин ортосундагы кызматташтыктын багыттары кеңири талкууланды. Эскерте кетсек, бул жолугушуу эки жогорку окуу жайдын кызматташтыгынын келечеги жөнүндө экинчи жолку жолугушуу болуп саналат. Биринчи жолугушуу 2017-жылдын 1-мартында С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде болуп өткөн.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки университет бир катар маданий жана илимий иш-чараларды биргелешип өткөрүү жөнүндө макулдашылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 61 = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: