Menu

ОшМЮИнин жамааты ишембиликте

Бөлүшүү:

«Шаарыбыздын тазалыгы үчүн!» деген демилге менен чыккан  Ош мамлекеттик юридикалык институтунун жамааты ишембилик уюштурду. Бул туурасында ОшМЮИнин басма сөз катчысы Сабыр Буркашев маалымдады. Аталган жогорку окуу жайдын окумуштуу-окутуучулар курамы менен техникалык кызматкерлери жана студенттери Ош шаарынын аймактарында көрктөндүрүү иштерин аткарышты. Алар атайын топторго бөлүнүп, Разаков көчөсүнүн жээктериндеги арыктарды чаап, таштандылардан тазалашты. Жамааттын демилгесин колдогон топтор шаардын Манас ата кичи районундагы бак-дарактардын, гүлдөрдүн  астын чаап, жумшатуу менен жөөк ачып чыгышты.

–Ыйман –адеп жана маданият жылынын алкагында уюштурулуп жаткан ишембиликтердин жаштар үчүн тарбиялык мааниси бар,- дейт ОшМЮИнин ректору юридика илимдеринин кандидаты Эгемберди Токторов.-Анткени жаштарда  атуулдук жоопкерчилик менен табиятка камкор болуу сезимдери калыптанат.

Ушул күнү ишембиликке чыккан жамааттын уюшкандуу аракети менен айлана- чөйрө тазаланып, иреттелгендиктен  Ош шаарынын көркүнө көрк кошулуп, көргөндөрдүн маанайын көтөрдү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: