Menu

Жалал-Абадда жекшемби күнү абаттоо иштери жүргүзүлдү

Бөлүшүү:

 

Жалал-Абад шаарында дем алыш күнү миңге жакын шаар тургуну коомдук жайларды тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү, ошондой эле жарандык коргонуу батыгындагы коомдук пайдалуу иштер менен алек болушту. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Шаардын биринчи вице-мэри Турдалы Темирбаевдин айтымында, шаардын “Курманбек” аймактык башкаруусунун Кожа-Маале участкасында миңге чукул шаар тургундары айлана-чөйрөнү иреттөө, жашылдандыруу, сел коркунучунун алдын алуу боюнча арыктарды, сел каналдарын тазалоо иштерин жүргүзүштү.

-Негизинен шаар тургундары нөшөрлөп жааган жаандан улам пайда болуучу сел коркунучунун алдын алуу максатында Хан-Арык каналын, ага куючу майда арыктарды тазалап чыгышты. Андан тышкары, Кожо-Маале участкасындагы чоң көрүстөндү тазалоо, куураган бак-дарактарды кыркуу, бутоо, айлананы көрктөндүрүү иштерин жүргүзүштү. Элдин мындай уюшкандыгына участкада орун алган “Азрет-Аюб” сыяктуу бир нече мечиттердин имамдарынын, кварталдык комитеттердин салымы зор. Айрыкча, “Азрет-Аюб” мечитинин имамы Ысайыл Шеримовго, “Байтур-Рахман” мечитинин имамы Эшан Мойдуновго, кварталдык комитеттин төрагасы Ташкожоев Абдулпаттага ыраазылык билдиребиз, – дейт ал.

Кварталдык комитеттин төрагасы А. Ташкожоевдин билдиришинче, Кожо-Маале участкасында 380 кожолук эл жашайт. Алар жыл сайын айлананы тазалоо, көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин жасашат. Ошондуктан да квартал аймагында дайыма тазалык, иреттүүлүк өкүм сүрүп турат. Быйылкы жылы бул коомдук пайдалуу иштерге участканын айланасында жашаган атуулдар да активдүү катышышты.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарынын мэриясында кабыл алынган буйрук боюнча март, апрель, май айларына тазалыктын, көрктөндүрүү, жашылдандыруу, абаттоо иштеринин үч айлыгы жарыяланып, бул боюнча атайын шаардык штаб түзүлгөн. Шаарда ар ишемби күнү шаарда ишембиликтер өткөрүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: