Menu

Эдил Байсалов, активист: «Шпиондор телефон менен сүйлөшпөйт, туугандар»

Бөлүшүү:

 

— Эдил байке, сиз Убактылуу Өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаеванын аппарат башчысы болуп турганыңызда күндө шаардын четине чыгып алып, телефон аркылуу англис тилинде кимдир бирөөлөр менен сүйлөшчү экенсиз. Кимдер менен сүйлөшчү элеңиз? АКШ же Европага биздеги абал тууралуу маалымат берип тургансызбы?

— Англис тилинде сүйлөө – бул кылмышпы? Эмне деп атасыңар? Ал күндөрү Мекенибиз дүйнөлүк көңүлдүн борборунда болчу, он чактаган прессаларга интервью берип, түз эфирлерге чыкчумун. Албетте, ал учурда дагы революциялык бийликти легитимдүү орган катары таанытыш үчүн чоң аракет жумшагам. Дүйнөлүк коомдук пикирди өз тарабыбызга тартуу аркылуу Европа, Россия, Кытай жана АКШ өкмөттөрүн биздин өкмөттү расмий таанууга милдеттендирдик. Болгону ошол! Эми бул суроонун төркүнүн түшүнүп турам. Шпиондор телефон менен сүйлөшпөйт, туугандар. Англисче сүйлөмөк турмак, кайсы тилде сүйлөсө да. Эмне талаада сүйлөбөй да коюш керекпи? Кайсыл жерде сүйлөшкөнүм эсимде жок. Бирок мен Көк-Жар айылында турам, ошол айылдын тегеректеринде көп сейилдейм, ошону айтып атышабы. Бирок, ушул сөздү чыгаргандар мени аябай күлдүрдү. Рахмат ошолорго, аз болсо да күлкү тартуулады.

— Сиз неге Атамбаевге эле асылып калдыңыз? Анын миллион долларына көз артып жатасызбы? Өз оокатын өткөрүп жаткан карапайым калк кызыкпай эле олтурат го?

— Атамбаев бул сөздү өзү баштап атпайбы. Баштаганда дагы жума сайын эле какшап туруп алды го. Мен «долларовый мультимиллионер» болчумун башынан эле деп. Индиялыктарга “мерседестери” жөнүндө мактанды. Путинге «мен Салымбековдон мурда байыгам» деп күпүлдөдү. Айтоор, ушул маселеге аябай эле көптөн бери чычалап келатканы ачык эле болчу. Анан 5-апрелде башкы прокурорду чакыртып, ага бир документтерди тапшырып «мына, мен 2003-жылда 45 миллиард лира же болбосо 35 миллион доллар тапкам» деп жарыялады. Жөн эле жарыялабастан, баардык саясатчылар текшерүүгө алынсын, алардын «мыйзамсыз байыгандары» боюнча кылмыш иштери козголсун деп айтып атпайбы. Мен Атамбаевди башынан эле Кыргызстандын эң бай адамдарынын санына киргенин билем, бирок «2003-жылы 35 миллиондору келсе, биз билмек эле» дегенден эле скепсис кеткен. Анан чынында эле 45 миллиард лира — ​27 миң доллар болчу да. Каяктан 35 миллион доллар? Ошону кече күнү моюнга алышпадыбы атамбаевчилер, пресс-службасы кадимкидей кечирим сурады, менин эсимде жок булардын кечирим сураганы, мурун. Бирок кайрадан эле бизге толук маалыматты бербестен, досу Ахмет Кая деген бизнесмендин атасынан калган заводунун 90% меники болчу деп салдырышпадыбы кечээ күнү. Эми мурунку апыртмасынан дагы аша чаап кетип атышпайбы! Ойлоп көрсөңүз, Атамбаев Түркияда килейген чоң холдинг куруп, анын 90%ын менчик кылып жүрсө, бул жөнүндө эмне үчүн бир дагы жолу айткан эмес. Эң эле сонун жетишкендигин эки жолу президенттик шайлоо кампанияларында эмне бир дагы жолу эстеп же элдерге мактанып, ошого таянып добуш берүүлөрүн суранган жок. Индияга барганда деле “силерде мен курган заводдун филиалдары иштейт” деп айтмак да, туурабы, “мерседес” айдагам деп мактанбай. Ошондуктан, кеп анын байлыгында эмес. Байлыгы өзүнө эле буйрусун. Бирок азыркы учурда коррупция менен күрөшөлү десек, бийликте отургандарга көзөмөлдү күчөтүшүбүз керек. Же болбосо «кантип байыдың» деп сурасак, «эсиңердеби 20 жыл мурун айылдагы атамдын тамын саткам, ошону айтпай калган турбайбымбы, 2 миллион доллар болчу» деп эле кутулуп кете беришет да, туурабы? Ошондуктан, бул өтө маанилүү маселе. Аягына чейин чыгышыбыз керек. Буюрса чыгабыз.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: