Menu

Ар кимди мактап “дүжүр” чал деген атка конгондон көрө эртеңкини ойлосокчу, карыялар!

Бөлүшүү:

Урматту карыялар!

Сиздердин тынчыңыздарды алып сиздерге расмий түрдө кайрылганымдын себеби жүйөлүү болгону турат. “Кыргызстан” деген ыйык бейиштин төрүндөй тоолуу өлкөдө төрөлүп, торолдук, окудук, чокудук. Ар кимибиз ар кайсы тармакта Мыйзамды ыйык тутуп кара жаныбызды карч уруп эмгектендик. Өлкөнүн өр тартып өнүгүшүнө шык-жөндөмүбүзгө, кайрат- билимибизге жараша бараандуу салымыбызды кошо алдык десем аша чапкандык болбос деп ойлойм. Ар кимибиздин эл арасында кадыр-баркыбыз да бар десек да жаңылбасмын. Элин, Мекенин сүйгөн, иш десе ичкен ашын ары сүрүп коюп ишин (а кезде норма деген болчу) бир жарым-эки эсеге аткарып койгон жоро-жолдошторубуз бир максатты көздөгөн санаалаш мекендештерибиз учу-кыйырына көз шаасы жетпеген (кээ бир деңгээли пас, компетентсиз замандаштарыбыз айткандай алакандай, бир ууч эмес Кудайга шүгүр дейли) Кыргызстаныбыздын ар бир айыл-кыштактарында ондоп саналат. (Кудайдын буйругу менен алардын саны да суюлуп баратканы да айныгыс чындык).

“Ар кимдин туулган жери өзүнө Мисир” демекчи, кыргыз элине, Мекенине чаң жугузбай ар-намысты бек тутуп жашап келдик. Айтайын дегеним, эл-журт алдында жүзүбүз жарык.

Балакеттин баары эсили кайран СССР ыдырап, өлкөбүз эгемендүүлүк алгандан кийин башталбадыбы. Аскар Акаев чу дегенде эле ээрге кыйшык отуруп, орус тилине официалдуу тил макамын берип элдин бүйүрүн кызытып алды. Анын кесепетинен мамлекеттик тилибизге жыл сайын миллиондогон акча каражаты жумшалганына карабай (майнап) азырга чейин бечел баладай өнүгө албай келет. Бул мамлекетти сыйлабагандык! Кыргызстан эгемендүү, суверендүү болгондон кийин минтип өзүнчө өнүгүп, элдин жашоо деңгээлин көтөрсөк болмок. Кыргыз Мамлекетинин кашыктап топтогон байлыгын академик Президент заматта талатып тонотту. Элди жакырлантып Кыргызстаныбызды кайырчы Мамлекетке айландырып салды. Жайыттагы миңдеген короо-сарайлар, кой-товар фермалары, миллиондогон төрт түлүк мал көз ирмемде жок кылынды.

Төбөсү көрүнгөн окумуштуу жогорку интеллектуалдык көрөңгөсүз көрсөтүүнүн ордуна жок жерден Аксылыктарды атып, кырчындай жигиттердин канын бөөдө төктү. Кыргыз кыргыздын канын төктү деген не деген шумдук?!

“Аалым Аскар Акаев журт башкарса ооматыбыз келген экен, кыргыз эли бүт сабаттуу болуп, дүйнөдө аалымдардын өлкөсү болобуз” деген аруу, изги тилегибиз таш капты. Ка-ап десең!

Кыскасын айтканда “Кыргызстан — ​жалпыбыздын үйүбүз” деп ураан, чакырып, жалпыбыздын үйүбүздү “жалпыбыздын уюбузга” айландырып үйдү таш-талканын чыгарып, уйду желини жыртылганча “саап” арам өлтүрүп, бүт Кыргыз элин бүйүрүн кыздырып, алда-неден корккондой Эне- Тоок сары ооз жөжөлөрүн таштап качкандай Академик Аскар да элин тагдырдын жазмышына таштап качып кетти, уятсыз десе! Кыргызстанды чейрек кылым башкарган патриарх — ​кеңешчиси (маркум Турдакун Усубалиев “БААТЫР” болгон соң эми билген намазыңды оку) дегенчилик кылып, камырдан кыл сууругандай оюндан суурулуп чыгып кетти.

Үй-бүлөлүк башкаруу деп өлкөдө биринчи революция (муну революция деп атоого болбойт, бул топ-топко бөлүнгөн тентектердин тополоңу десе болчудай) жүз берди. Ардакталып алынып келинген Аскар аалымды кууп кутулдук. Албетте, бул окуя Кыргыз эли үчүн аброй алып келбеди.

Айтайын дегеним, кыргызда тээ алмустактан бери эле элдик курултай бышып жетилген элдин көйгөйлөрүн курултайда чечип келген болчу. Эл ар кандай топтогон көйгөйлөрүн элдик курултайда карап чечип келген Кудайга шүгүр дейли, элдик курултайга катышып, өздөрүнүн каадалуу сөздөрүн айтчу тоолуу Кыргыз өлкөсүнүн аксакал-көксакалдары бар. Неге бышып жетилген көйгөйлөр менен элдин бүйүрүн кызыткан таалуу маселелердин Кыргызстандын аймактарында дубандарында иштеген аттуу-баштуу ошол маркум эле Т. Усубалиев, М. Шеримкулов, Ж. Сааданбеков, Ж. Акималиев, М. Базаркулов, Жумагулов, Мамакеев, М. Мамытов, Б. Жакиев ж. б.у.с.белдүү аксакалдар-көксакалдар көрүп-билип туруп аксакалдар кеңешин чакырып, “Эмне болуп атасыңар, балдар?” деп ийри отуруп түз кеңешкенге неге болбосун, өлкөбүздө ошондой осол иштер болуп атса кантип тынч алып жатып калганга болсун. “Алар дагы чээнде жатып алып, күлүшүп, эмне болсоң ошол бол” деп “Ааламды сел алса да кызыл ашыгыма чыкпайт” деген тейде мулуюшуп отурушат. Жанакы, Лениндин, КПССтин идеясына сугарылган патриоттук сезим кайда? Соолудубу?

Элдик курултай деле болуп өттү эле, неге кара кылды как жарган карыяларыбыз пассивдүү болуп карап туруп бердик, же Кыргызстандын тагдыры аксакал-көксакалдарды кызыктырбай калганбы? Алган абийирдүү эмгек сиңирген наамдар, кадыр-баркыңыр кана? Наамыңар баатырдыгыңар кайда калган? Жок дегенде активдүүлүгүңүздөрдү көрсөтүп, өзүңүздөрдүн уул-кыздардын небере-чөбүрөлөрдүн тагдыры үчүн мында биз да барбыз деген тейде жөтөлүп-жөтөлүп (ыкшыбай) койсоңуздар не болмок? Кыргызда жап жакшынакай бир сөз бар: “Жер жарылса азабы акындын жүрөгүнөн өтөт” деген. Ошол азап аксакалдардын жүрөгүн да мыжып өтүш керек эле демекчимин. Себеби ушул өлкөдө туулуп, бала-бакыралуу болдук, наамдарды алдык, абийир таптык эле да. Анын кайтарымына келгенде далыбызды салып, кайдыгерлик кылсак Жараткан Кудай деле ыраазы болбойт го? Каадалуу карыялар! Анын үстүнө уул-кыздар, небере- чөбүрөңүздөр да сиздердин жолуңуздардан бара жатышпайбы. Ошолордун тагдыры деле бүткүл кыргызстандыктардын тагдыры менен тыгыз байланышта эмеспи.

Өлкөдө болуп жаткан ар бир окуяга тыкыр көз салып өз оюбузду, пикирибизди айтууга укугубуз барбы, же сөз эркиндиги биротоло муунтулганбы?

Өлкөдө азыркы абал да алымсылаарлык эмес. Президент айтты “үчүнчү революция болбойт” деп. Бирок элдин кыжыры кайнап абал курчуса, тукулжураган эл толкубай койбойт деп ким кепилдик бере алат? Эми деле кеч эмес, урматтуу кадырман карыялар. Элди ыйманга, биримдикке “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарууга” чакырсак кантет? Эгер Кудай бетин салбасын, үчүнчү тополоң болсо — ​ал чыныгы РЕВОЛЮЦИЯ болушу мүмкүн. Анда кеч болуп калат, туугандар!

Урматтуу каадалуу карыялар, аксакалдар! Ойлоп көрсөңүздөр ким бийликке келсе — ​бул бийлик ата-жотосунан мурасталгандай “Өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” дегендей айланасына өзүнө караштуу өң тааныш, көз тааныш адамдарды чогултуп алып, балакетти баштагандыгында болуп жатат. Бийликке Республикабыздын аймактарынан да, областтык администрациялардан да, мэриялардан да тандап ылгап кадрларды аралаштырса калыстык болоор бекен?

Кадырман карыялар! Эми президенттик шайлоонун шайтан оюндары жакындаган сайын талапкерлер штабдарын түзүп, эл аралап, топ жарып дегендей президенттик кызматка көздөрү кызарып жатканы көрүнө баштады. Талапкерлерди карап, алардын кимиси ким экендигине саресеп салсаңыз, алардын баардыгы эле тааныш өңдөр. Өздөрүн “көрсөткөн” саясатчылар. “Уялбагандан өзүң уял” дегендей айрымдарына уялып да кетесиң, нени жыргатмак элең, сен деле үч президенттен өзгөчөлөнгөн артыкчылыгың кайсы? деп өзүңө-өзүң собол узатасың да, соболуң жоопсуз калат. Ошентсе да көк жалдар “Жолборс изинен, жигит сөзүнөн кайтпайт” дегендей чамынып катуу чыккан. Алардын оюнча каадалуу карыялардын алдынан өтүп, “Нават чайын” ичирип, ак батасын алсак дешип, сиздерге үмүт байлашууда. Өткөндө Алмазбек Атамбаевга да Арашанга барып жазуучуларга компьютер ж. б.у.с. техникаларды бергендей эптеп добуш алуунун амалын көздөп жатышканы айныгыс чындык. Айтайын дегеним .. сиздер “Нават чайды” эми көргөн жоксуздар. Ар бир кадамыңыздарды абайлап, айтар сөзүңүздөрдү ардактап — ​аспиеттеңиздер? Өлкөбүз 26 жаштагы бечел баланы кейпин кийгенин аясак. “Жети өлчөп бир кеспей, 70 өлчөп кесип”, Кыргызстанды оор экономикалык ахыбалдан чыгарып кете ала турган талапкерди тандап алсак, эл үчүн да, Кыргызстандын келечеги үчүн да жакшы болмок, Урматтуу замандаштар. Талапкерлердин суроо-талаптарын канааттандырсам деп абийир тапсаңар го мейли эле, бирок эл “дүжүр” чалдар деп макам коюп, келекелеген наамды берип жатышканын кантип жашырабыз. Ар кимди мактап “дүжүр” чал деген атка конгондон көрө эртеңкини ойлосокчу карыялар!

Дүйнө элинин алдында элдин жүзү жарык болмок. “Жаңылбас жаак мүдүрүлбөс туяк болбойт” дегендей мен, урматтуу кадырман карыялар, жаңылып жазсам, үзүр, анткени Жаңылбаган жалгыз Жараткан Кудайдын өзү.

Вахаб — ​Бостон, жазуучу — ​публицист

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: