Menu

Кыргыздын телевидениесин спутникке чыгарган журналист

Бөлүшүү:

Жакында интернет сайттарында, гезиттерде журналист Нурлан Шакиев жаңы телеканал ачып жатыптыр деген кушкабар жарыяланды. Анда ал жигиттин мурда ээлеген кызматтарын саясат үчүн гана учкай кыстара кетиптир. Бирок бул журналисттин кыргыз телевидениесинин өнүгүүсүнө сиңирген тарыхый кызматы азырга чейин эч жерде ачык айтылбай, баркталбай жаткандыгы өкүнүчтүү.

Кыргыз телевидениесинин спутникке чыгып, дүйнөлүк аренага багыт алышында Нурландын тарыхта кала турган уюштуруучулук кызматы бар. Анткени ал «ЭлТР» телерадиоберүүлөр кампаниясында башкы директорлук кызматын аркалаган мезгилде Түркиянын телерадиокампаниясы менен өз ара келишим түзүп, спутникке алып чыгууга жетишкен. Мамлекеттен бир тыйын да каражат сурабастан, Түркиялык өнөктөштөр менен тыгыз кызматташуунун натыйжасында зарыл болгон бардык техникалык каражаттар алып келинип орнотулгандыктан 2010-жылдын февраль айынан «ЭлТР» телерадиокампаниясынын эфирдик толкуну спутник аркылуу обого таратыла баштаган. Ушул датадан тартып «ЭлТР»дин телекөрсөтүүлөрүн, радиоуктурууларын Казакстан, Россия, Кытай, Корея, Түркия сыяктуу 54 мамлекет көрүп, угуп келүүдө. Түшүнгөн адамдар үчүн мунун мааниси өтө чоң. Анткени дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде миграцияда жүргөн миллиондогон мекендештерибиз спутник аркылуу «ЭлТР» телерадиокампаниясынын кыргызча телеберүүлөрүн көрүү жана радиоуктурууларын угуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан.

Кыргыз телевидениесин спутникке алып чыккан чыгаан журналист Нурлан Шакиевдин жасаган тарыхый кадамын ошол мезгилдерде катарлаш жүргөн (инилеш, агалаш, кесиптеш) адамдардын бирөөсү да азырга чейин бир жолу ачык айтып, алкап коюуга батына албагандыгы таң калыштуу көрүнүш. Деги буга чейин телевидениенин тарыхында ушунчалык бурулуш жасоого кайсы жетекчинин дарамети жеткен?! Тарыхыбызда биринчи болуп кыргыздын телевидениесин спутникке чыгарып, дүйнөнүн 54 мамлекетине кыргыздын үнүн жаңыртууга жетишкен Нурлан Шакиевдин мындай унутулгус кызматы татыктуу баасын алууга тийиш деп ойлоймун.

Сабыр Буркашев,

Ош шаары

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − 89 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: