Menu

Кыргызстанда тогуз айыл өкмөтүнө «Ачык-айкындуулук паспортун» тапшыруу аземи болот

Бөлүшүү:

2017-жылдын 18-апрелинде Кыргызстандын ар кайсы региондорунан 9 айыл өкмөтүнүн өкүлдөрүнө «Ачык-айкындуулук паспортун» тапшыруу аземи болуп өтөт. Иш-чара Кыргызстанда жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишинин ачык-айкындуулугун арттыруу боюнча Европа Биримдиги каржылоого алган долбоордун алкагында өткөрүлөт. Бул тууралуу Борбордук Азиядагы Ханнс Зайделдин фондунун өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

«Ачык-айкындуулук паспорту» – бул, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этникалар аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан биргеликте иштелип чыккан жана тигил же бул айыл өкмөтү ачык-айкындуулук, отчет берүү жана акыйкат иш алып баруу принциптерине иштеп жаткандыгын далилдеген маанилүү документ болуп саналат. Ошентип, ушул жылдын 18-апрелинде пилоттук тогуз айыл өкмөтүнө Барскоон, Кызыл-Суу (экөө тең – Жети-Өгүз району), Улахол, Тоң (экөө тең – Тоң району), Петровка (Москва району), Теплоключенка (Ак-Суу району), Масы, Арал (экөө тең – Ноокен району), Найман  (Ноокат району) айыл өкмөттөрүнө алгачкы «Ачык-айкындуулук паспорту» тапшырылат.

Документ жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш натыйжалуулугун жана ачык-айкындуулугун арттырууга, жергиликтүү жамааттар менен эриш-аркак иш алып барууну чыңдоого, айыл калкынын тиешелүү маалыматтар менен өз учурунда таанышуу мүмкүнчүлүгүнө өбөлгө түзүү үчүн каралган.

Паспортко ээ болгондорго жана анын кызмат адамдарына Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этника аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин сыйлыктары жана башка сыйлыктар тапшырылат. Ушуну менен бирге эле, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга (Каржы министрлиги, райондук акимиаттар) республикалык бюджеттен каражаттарды бөлүштүрүүдө ушул маселени да эске алуу сунушталат.

Жарандык коом жана массалык маалымат каражаттары: Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарунун ачык-айкындуулугунун гаранты” долбоору Европа Биримдиги тарабынан каржыланып, жарандык коомдун, медиа-институттарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш жигерин арттыруу, укук үстөмдүгү жагында жергиликтүү калктын маалыматтарга ээ болуусуна өбөлгө түзүү жана Кыргызстандын 13 районундагы 39 айыл-өкмөтүндө жергиликтүү түйүндөрдү өнүктүрүүгө багытталган.

Долбоор, Ханнс Зайдель фондусунун Борбордук Азиядагы өкүлчүлүгү жана Укукту жана бизнести өнүктүрүү фондусу (LBD консалтинг) тарабынан өздөштүрүлүүдө. Анын чегинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коом жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү ар кандай семинарларга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Долбоордун максаты: жергиликтүү деңгээлде өз ара байланышты жана мамилелерди чыңдоо, ачык-айкындуулук, отчет берүү жана адилет иш алып баруу принциптерин сактоо жана аларды жайылтуу аркылуу жарандык коомдун, медиа-институттарынын,  Кыргызстандын 13 районундагы 39 айыл аймактарындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш жигерин арттыруу.

Иш-чара 18-апрель күнү, Бишкек шаарынын Тоголок Молдо атындагы көчө, 52 дареги боюнча жайгашкан

«Плаза» отелинде саат 14:00дө өтөт.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

56 − 51 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: