Самаркандда 15-апрелде трамвайдын жаңы багыты ачылды. Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев жергиликтүү жүргүнчүлөр менен бирге вагонго түшүп, салондо облус активдери менен маек курганын жергиликтүү телеканалдар көрсөттү.
Коомдук транспорттун бул түрүн ишке киргизүүнү алты ай мурун Мирзиёев өзү демилгелеп чыккан.
Трамвай салонунунда президент жергиликтүү активдер менен өлкөдө жүрүп жаткан реформалар, калктын жашоо турмушун жакшыртуу үчүн көрүлүп жаткан иштер тууралуу сүйлөштү.
Мындан ары Самаркандда «Темир жол бекети– Саттепо» багыты боюнча 20 вагон иштеп баштайт. Линиянын узундугу 6,4 чакырымды түзөт. Расмий маалыматтарга караганда, келечекте Самаркандда төрт багыт боюнча 20 трамвай жүргүзүү пландалууда.
https://youtu.be/mekIXLS8-Fs
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ