Menu

Спорттун улуттук түрлөрү жана салттуу оюндар ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурасынын репрезентативдик тизмесине сунушталат

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын маалыматына таянсак спорттун улуттук түрлөрү жана салттуу оюндар глобалдашуу процессинде толук же жарым-жартылай жоголуп кетүү коркунучуна  кабылууда. Ошондуктан аларды ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурасынын репрезентативдик тизмесине киргизүү зарылдыгы жаралды. Бул тууралуу маселе бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин талкуусуна коюлду.

Бул багытта баяндама жасаган Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Фархад Бекманбетовдун айтымында, 2016-жылдын 31-мартында Кыргызстан ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурасынын Репрезентативдик тизмесине киргизүү үчүн «Көк бөрү – салттуу ат оюну» номинациясын Кыргыз Республикасынын атынан сунуш кылынган. Мындан улам “салттуу оюндар” түшүнүгүн мыйзамдаштыруу зарылдыгы жаралууда.

“Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык  спорттун улуттук түрлөрү жаатындагы мамлекеттик саясатты жүргүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу органы болуп саналган  дене тарбияны жана спортту башкаруунун мамлекеттик органы тарабынан бекитилет жана спорттун улуттук түрлөрү Кыргыз Республикасынын Бирдиктүү спорттук классификациясына киргизилет. Материалдык эмес маданий мурасты аныктоо, эсепке алуу, сактоо, пайдалануу жана жайылтуу, Улуттук тизмеге киргизүү маселелери материалдык эмес маданий мурас жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына кирет.

Кыргыз Республикасы ири эл аралык спорттук иш-чаралардын демилгечиси болуу менен спорттун улуттук түрлөрүн жана салттуу оюндарды, элдик салттарды өнүктүрүү жана өркүндөтүүнүн үлгүсү болуп калды. Буга 2014 жана 2016-жылдары өткөрүлгөн Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну далил боло алат. Мындан тышкары, 2016-жылдын 22-декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясы 67-пленардык сессиясынын жүрүшүндө «Тынчтык үчүн диндер аралык жана маданияттар аралык диалогду колдоо, өз ара түшүнүү жана кызматташуу» жөнүндө А/71/L.43 резолюциясын кабыл алган, анда БУУнун Башкы Ассамблеясы Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданият аралык диалогго жана өнүктүрүүгө кошкон салымын тааныган.

Талкуу соңунда “Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндөгү” мыйзамына сунушталып жаткан өзгөртүүлөр биринчи окууда комитеттин колдоосун тапты.  Эми бул маселе парламентте каралмакчы.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: