Menu

Тамак-аш коопсуздугуна 12 млн. сом каралууда

Бөлүшүү:

Айыл чарба, тамак-аш, өнөржайы жана мелиорация министрлиги ири үч долбоорду ишке ашырганы жатат. Алар тамак-аш коопсуздугуна жана жасалма уруктандырууга багытталган долбоорлор. Министрликтин айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн жетекчиси Майрамбек Тайыровдун “Азаттыкка”: “Тамак-аш коопсуздугу, эл аралык аккредитация, идентификация, өлгөн малдарды утилизациялоо, лабораториянын абалын жакшыртуу жана диагностикага 12 млн. доллардан ашуун акча каралып жатат. Андан сырткары жасалма жол менен уруктандыруу боюнча 300дөн ашуун пункттар бар. Алардын көйгөйү суюк азот менен камсыз кылуу. Бул долбоордун алкагында өлкө түндүгүндө жана түштүгүндө азот чыгаруу боюнча заводду толук жабдып, азот ташуучу машиналар менен камсыз кылуу каралган. Эки долбоорду БУУнун Айыл чарбаны өнүктүрүү эл аралык фонду каржылоодо”, – деп билдирди.

Долбоор 55 млн. долларга жакын деп бааланган. Анын жарымы грант, жарымы насыя түрүндө берилгени турат. Финансылык келишим ратификациядан өтсө, Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду менен меморандум түзүлүп, ири долбоорлор сунушталат.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 77 = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: