Menu

Жалал-Абадда “Каркыранын канаты” сахнага чыкты

Бөлүшүү:

“Жалал-Абад областтык Барпы атындагы кыргыз драма театрынын чыгармачыл тобу жапон драматургу Дзюндзи Киноситанын “Каркыранын канаты” аттуу спектаклин даярдап, сахнага алып чыкты. Бул тууралуу аталган театрдын адабий бөлүмүнүн башчысы Айгерим Дүйшө кызы билдирди” – бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Анын айтымында, быйылкы Ыйман, адеп жана маданият жылына карата театрдын чыгармачыл жамааты жаштарга таалим-тарбия берүүчү жаңы спектаклдерди алып чыгууну максат кылган. “Каркыранын канаты” ошол багыттагы биринчи кадам эсептелет.

-Бул спектаклди эки ай ичинде даярдап, алып чыктык. Буюрса, мунун арты менен көптөгөн ийгиликтерге жетишебиз деген үмүт бар. Быйылкы жылдын ичинде беш жаңы спкектаклди алып чыгабыз деп пландаштырганбыз. Буюрса, анын биринчиси ишке ашты. Азыркы учурда биздин чыгармачыл топ экинчи спектаклди сахнага алып чыгууга даярдыктарды башташты, – дейт ал.

Алынган маалыматка караганда, спектаклдин премьерасынан кийин театрдын алдыңкы 3 кызматкери  КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин, бирөөсү министрликтин Ардак грамотасы жана беш кызматкер республикалык театр ишмерлер союзунун республикалык сыйлыгына ээ болушту.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: