Райкан Төлөгөновдун мародерчулукка шектелип камалганына бир айга жакындап калды. Ал эми Райкан менен катар аты аталып, шектүүлөрдүн бири катары айтылып келген Туратбек Мадылбеков боюнча эч кандай чара көрүлө элек. Күч органдарына Мадылбековду кармоо боюнча санкция берилгени тар чөйрөдө кеп болуп жатат. Бирок Мадылбеков зериккенде бильярд ойноп чер жазып, эч жакка кетпей эле үйүндө жүргөнүн өзү басма сөз булактарына маалымдаган. Райканды камап, Туратбекти эркелеткен адилеттик болбойт го. Мына мародерчулук боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия Мадылбековдун түздөн-түз тиешеси бар деген корутунду чыгарды. Чара көрүлүш керек го…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ