Menu

Атамбаев Саян-Алтай жана Энесай элдеринин Тянь-Шань кыргыздары менен этногенетикалык жана тарыхый-маданий байланыштарын далилдеген окумуштууларды кабыл алды

Бөлүшүү:

Атамбаев орто кылымдагы кыргыздардын тарыхын изилдөөгө салым кошкон, III  даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган археолог Ю.С. Худяков менен этнограф В.Я. Бутанаевди кабыл алды.

«Кыргыздар Энесайдан жана Монголиянын түндүк-батыш бөлүгүнөн тарта Тянь-Шань, Фергана жана Памирге чейинки кеңири мейкиндикти байырдаган деген гипотеза көптөн бери эле илимий талаштардын предмети болуп саналат. Ага ылайык, энесайлык жана тянь-шандык кыргыздар – бир эл, ал эми Энесай (VII-VIII кылымдар) жана Кыргыз (IX-X кылымдар) каганаттары – кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өзүнчө мезгилдери. Муну далилдөөдө сиздердин эмгек да бар» – деп белгиледи Президент Алмазбек Атамбаев окумуштууларга кайрылып.

2040-жылы  Кыргыз каганатынын 1200 жылдыгы белгиленерин эске алып, Президент Алмазбек Атамбаев кыргыздардын орто кылымдагы тарыхы жөнүндө билимдерди жаңы илимий ачылыштар менен бекемдөөнүн маанисине токтолду.

Маалымат иретинде: Ю.С. Худяков, Түштүк Сибирдин жана Борбор Азиянын байыркы жана орто кылымдагы элдеринин аскер ишинин археологу жана тарыхчысы. Хакасиядагы, Красноярск крайындагы, Тувадагы, Тоолуу Алтайдагы, Монголиядагы, Кытайдагы археологиялык экспедициялардын материалдары аркылуу бул мейкиндиктеги кыргыздардын материалдык маданиятынын окшоштугун көргөзгөн. Анын 1980-жылы чыккан  «Энесайлык кыргыздардын VI–XII кылымдардагы курал-жарагы» монографиясы орто кылымдагы кыргыздардын тарыхын изилдөө үчүн негизги эмгектерден болуп саналат.

В.Я. Бутанаев, этнограф жана түрколог. Энесайлык кыргыздардын кечки орто кылымдагы этносаясый уюшулушун изилдеген. Өз иштеринде энесайлык, алтайлык жана тянь-шандык кыргыздардын бирдиктүүлүгүн далилдейт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: